Синдзо Абэнин мамлекеттик деңгээлдеги тажыясына 6000дей адам катышат

Үстүбүздөгү жылдын 8-июлунда кол салуудан улам каза болгон Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэнин мамлекеттик денгээлдеги тажыясына 6 миңдей адам, анын ичинде чет элдик делегациялардын жүздөгөн мүчөлөрү катышат.

Бул тууралуу Nikkei Asia басылмасы жазды.

Тажыяга Франциянын президенти Эммануэль Макрон, АКШнын вице-президенти Камала Харрис, АКШнын мурдагы президенти Барак Обама, Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Док Су, Германиянын мурдагы канцлери Ангела Меркель жана Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах келери күтүлүүдө.

Токиого келе турган чет элдик саясатчылардын так тизмеси сентябрдын башына чейин түзүлөт.

Басылманын маалыматы боюнча, акыркы сапарга узатуу зыйнатына АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп да катышууга каалоосун билдирген.

Япониянын Тышкы иштер министрлиги Абэнин мамлекеттик жаназасы тууралуу 200гө жакын өлкө жана аймактарга кабарлаган.
Буга чейин, 20-июлда Синдзо Абэнин мамлекеттик деңгээлдеги акыркы сапарга узатуу зыйнаты 27-сентябрда Токиодогу “Nippon Budokan” спорттук аренасында өтөөрү кабарланган.

Буга чейин 12-июлда Абэ менен коштошуу аземи болгон. Мурдагы өкмөт башчысын акыркы сапарга узатууга миңдеген адамдар чогулушкан. Анда Абэнин тажыясы үй-бүлө мүчөлөрү жана жакын достору үчүн өткөрүлгөн.

Эске салсак, Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ 8-июлда Нара шаарында эл алдында сүйлөп жаткан учурда кол салуу болуп, ооруканада өзүнө келбей каза болгон. Кылмыш болгон жерден 41 жаштагы Тэцуя Ямагами аттуу жаран кармалган.

67 жаштагы Абэ Япониянын өкмөтүн эң узак убакытка жетектеген саясатчы катары белгилүү болчу.

Комментарий жиберүү