Исландиядагы вулкандык атылуунун таасири

Түн ичинде аймакта 400гө жакын жер титирөө болгону кабарланды.

Исландиядагы Фаградальсфьял тоосунун жанындагы кечээки вулкандык атылуунун таасири уланууда.

Баш калаа Рейкьявиктен 32 километр алыстыктагы ​​жанар тоонун атылышынын натыйжасында чоң лава агымы пайда болду. Түтүн борбор калаанын бардык бурчунан көрүнүп турду.

Түн ичинде аймакта 400гө жакын жер титирөө болгону кабарланды.

Исландиянын коопсуздук кызматтары тарабынан жанар тоо атылган аймактын айланасында көрүлгөн чаралардын алкагында туристтердин кызыгуусун жараткан аймакка жакындашына уруксат берилбей эле.

Коомчулук жаңы жер титирөөлөр жана вулкандык атылуулар боюнча эскертилди.

Аймактагы медициналык топтор да күнү-түнү нөөмөттө.

Атылуудан улам Исландияда айрым каттамдар үзгүлтүккө учурады.

Кээ бир ички каттамдар Кефлавик эл аралык аэропортунун ордуна борбордун түндүгүндөгү Рейкьявик аэропортуна которулду.

Жанар тоонун атылышы уланып, лава агымы көбөйсө өлкөнүн эң маанилүү туристтик жерлеринин бири болгон Blue Lagoonдун да коркунучта болушу мүмкүн экени билдирилди.

Комментарий жиберүү