Венада Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр жанданды

4-августта Австриянын борбору Венада Тегерандын өзөктүк программасы боюнча Иран менен дүйнөлүк державалардын сүйлөшүүлөрүнүн жаңы раунду башталды. Бул – мартта сүйлөшүүлөр токтоп калгандан берки биринчи жолугушуу.

Ирандын делегациясынын башчысы Али Багери Кани кайрадан Венага кайтып барганын 3-августта кабарлаган. АКШнын Иран боюнча атайын чабарманы Роберт Малли да Австрияга баратканын билдирип, “Кошмо Штаттары келишим түзүүгө даяр экенин, Тегеран ага даярбы, даяр эмеспи жакын арада билине турганын” айткан.

2015-жылы Иран алты мамлекет – Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия менен өзөктүк макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам Республикасы өзүнүн өзөктүк программасын чектемек. Бул үчүн ага салынган санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ Тегеранды өзөктүк курал өндүрүүнү улантып жатат деп айыптап, келишимден чыгып кеткен. Натыйжада ага каршы чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан.

Келишимди кайрадан жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр былтыр апрелде башталган. Ал жыйынтыкталып калганы айтылганы менен тараптар бир пикирге келе албай, сүйлөшүүлөр улам-улам үзгүлтүккө учурап жатат. 

Комментарий жиберүү