Кытайда кургакчылык: Дүйнөдөгү үчүнчү чоң дарыя Янцзы соолуп баратат

Бул жылы Кытайдагы кургакчылык өлкөдөгү кээ бир дарыялардын, анын ичинде Янцзы дарыясынын айрым бөлүктөрүнүн соолушуна алып келди.

Бул тууралуу The Guardian жазды.

Маалыматка ылайык, Янцзы дарыясынын кургашы гидроэлектр станцияларына таасирин тийгизип, жүк ташууну токтотуп, ири компанияларды ишин токтотууга мажбур кылды.

19-августта Кытайда кургакчылык боюнча жалпы эскертүү берилип, өлкөнүн калк жыш жайгашкан түштүк-батышында узакка созулган жана катуу аптап сентябрь айында да уланары айтылган.

Кытайдын эбегейсиз чоң ГЭСине суунун агымынын токтошу энергиянын 80%дан ашыгы гидроэнергетикадан алган Сычуань провинциясында “олуттуу кырдаалды” жараткан.

21-августта провинциянын өкмөтү кырдаал “өзгөчө олуттуу кооптуу” экенин, Сычуандын гидроэлектростанцияларына суунун агымы эки эсеге кыскарганын билдирди.

Өткөн жумада провинция электр энергиясынын жетишсиздигинен улам миңдеген завод-фабрикаларды электр энергиясы менен камсыздоону токтотуп, коомдук жайларда электр энергиясына чектөө киргизген. Toyota, Foxconn и Teslа компаниялары акыркы 2 жумада айрым заводдордорунун ишин убактылуу токтоткон компаниялардын катарына кирди.

Янцзы – 400 миллиондон ашык кытайды ичүүчү суу менен камсыз кылган дүйнөдөгү үчүнчү чоң дарыя жана өлкөнүн экономикасы үчүн эң маанилүү суу жолу болуп эсептелет.

Бул дарыя глобалдык жеткирүү чынжыры үчүн да маанилүү, бирок ондогон куймалары кургап калгандыктан, ушул жайда суунун деңгээли рекорддук төмөн деңгээлге түшүп кетти. Дарыянын орто жана төмөнкү агымындагы навигация жолдору да жабылды.

Кытайдын жапа чеккен аймактарынын бийликтери суу жана электр энергиясы менен камсыздоого шашылыш чара көрүшүүдө. Анткени аймактарда күрүч жана соя сыяктуу сууну көп талап кылган түшүмдөрдү жыйноо мезгили жакындап калды. Жекшемби күнү бийлик дарыянын төмөнкү деңгээлин толуктоо үчүн суу сактагычтардан 980 миллион куб метр сууну агызган.

Кургакчылыктан Сычуань, Хэбэй, Хунань, Цзянси, Аньхой жана Чунцинде кеминде 2,46 миллион киши жана 2,2 миллион гектар айыл чарба жерлери жабыркады. Кытайдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кургакчылыктан улам 780 миңден ашуун адам өкмөттүн түз колдоосуна муктаж болуп турат. Үйлөрдү камсыз кылуучу суулар толугу менен соолуп калган аймактарга жүк ташуучу унаалар ичкенге суу жеткирилүүдө.

Кытайдын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн аптада июль айындагы жогорку температурадан өлкө экономикасы 2,73 миллиард юань (400 миллион доллар) жоготкаонун жана 5,5 миллион кишиге жапа чеккенин билдирген.

Кытай бийлиги кургакчылык менен ысыкты климаттын өзгөрүшү менен байланыштырууда.

Кошумчалай кетсек, дүйнөдөгү ири дарыялар, анын ичинде Европадагы Рейн, Луара жана АКШдагы Колорадо дарыясы да рекорддук ысык толкундардан улам кургап жатат.

Комментарий жиберүү