Германиянын канцлери Шольцтун рейтинги рекорддук деңгээлге түштү

Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Бундестагдагы башкаруучу коалициянын рейтинги 2021-жылдын декабрынан бери эң төмөнкү деңгээлге түштү. Бул тууралуу Deutsche Welle (DW) басылмасы Insa социологиялык институтунун сурамжылоосуна шилтеме берип жазды.

21-августта жарыяланган сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, Германияда калктын дээрлик үчтөн экиси – 62% Олаф Шольцтун ишине канааттанбайт. Бул март айындагы сурамжылоого салыштырмалуу дээрлик эки эсеге аз. Анда канцлердин ишине элдин 46% оң баа берген.

Башкаруучу коалициянын рейтинги да рекорддук деңгээлге түштү. Респонденттердин 65% өкмөттүн ишине нааразы болгон. Сурамжылоого катышкандардын ичинен 27% аткаруу бийлигинин ишине ичи чыгарын айткан. Бул март айындагы көрсөткүчкө караганда 17% аз.

Олаф Шольц Германиянын федералдык канцлери болуп 2021-жылдын декабрында шайланган. Анын талапкерлиги үчүн Бундестагдын 395 депутаты добуш берип, өкмөттү 16 жыл башкарган Ангела Меркелдин ордуна келген.

Украинада согуш башталгандан кийин Европада электр энергиясынын баасы кыйла кымбаттады. Германияда август айында электр энергиясынын баасы дээрлик алты эсеге өстү. Буга Орусиядан келген газдын азайышынан тышкары, Европадагы ысык да таасир этти.

Евробиримдиктеги Латвия, Литва, Польша, Чехия жана Эстония сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн лидерлеринен айырмаланып, Германиянын канцлери орусиялыктар үчүн визалык режимди катаалдаштырууга каршы чыгып келет.

Комментарий жиберүү