Польшанын президенти “Түндүк агым – 2” газ куурун алып салууну колдоду

Шейшемби күнү украин президенти Владимир Зленскийдин чакыруусу менен Киевге барган Польшанын президенти Анжей Дуда Орусиянын “Түндүк агым – 2” газ куурун алып салууну (демонтаждоону) колдоду.

“Орусия Украинага каршы согушуп, Украинанын мыйзамдуу, эл аралык таанылган чек араларын, анын аймактарына кол салып, оккупациялап жатканда Орусия менен адаттагыдай бизнеске кайтуу жок. Батыштагы саясаттын өзгөрүшү – “Түндүк агым-2″ газ куурун жөн эле толук токтотуу эмес, аны жок кылып жана демонтаждоо”, – деген Дуданын сөзүн “Азаттыктын” украин кызматы жазды.

Ал “Крым-платформасы” деген аталыштагы онлайн-саммитте сөз сүйлөп, Крым – бул Украина экенин бир нече жолу кайталап белгиледи.

Киевде эки өлкөнүн президенттери жолугуп, Украинага аскерий жана гуманитардык жардам тууралуу талкуу болгонун бул өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү маалымдашкан. Польша өкмөтү Дуда Зеленский менен бирге “Крым платформасынын” алкагындагы талкууга кошулууну пландаганын белгиледи.

“Крым платформасы” саммити биринчи жолу былтыр 23-августта өткөн. Бул саммитти уюштуруу демилгесин Украина көтөргөн. Анын эң башкы максаты – аннексияланган Крым жарым аралын Украинага кайтаруу.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.

Орусия газды Европага Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү “Түндүк агым-1” куурлары аркылуу алып өтчү. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи линия катары “Түндүк агым-2” долбоорун курган. Анын курулушу 2021-жылы сентябрда бүткөн, 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Согушка чейин анын сапатын текшерүү үчүн сертификациялоо иштери жүрүп жаткан.

Москва Донбасстагы жикчил “республикалардын” көз карандысыздыгын тааныгандан кийин Германиянын канцлери Олаф Шольц 22-февралда “Түндүк агым-2” долбоорунун сертификациясын убактылуу токтоткон. “Түндүк агым-1” долбооруна санкция салынган эмес. Биринчи газ кууру 2011-жылдан бери иштейт жана жылына 55 млрд. метр куб газ ташууга жөндөмдүү.

Комментарий жиберүү