Россия Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларынын даярдыгын жогорулатат

Россия Ооганстандагы кырдаалдан улам Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларынын кагылыштарга даярдыгын жогорулатат.

Бул тууралуу Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин РИА Новости жазды.

“Россия мүмкүн болуучу ар кандай кризистик кырдаалдарга даяр туруш үчүн Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базаларыбыздын жана башка күчтөрдүн даярдыгын жогорулатып жатат”, – деди Шойгу ШКУ өлкөлөрүнүн аскердик ведомстволорунун жетекчилеринин кеңешмесинде.

Анын айтымында, Ооганстанда “Ислам мамлекети” жана “Аль-Каида” сыяктуу эл аралык террордук уюмдардын активдешип жатканы Борбор Азиянын коопсуздугуна олуттуу чакырык бойдон калууда.

“Ооганстанда уланып жаткан куралдуу кагылыштын фонунда социалдык-экономикалык абал начарлап, диний радикализмдин идеологиясы жайылып, баңгизат жана чек арадагы кылмыш гүлдөп жатат”, – деди министр.

Ал Россия Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча бардык эл аралык демилгелерди колдой турганын айтып, аны менен катар Борбор Азияда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрө турганын белгиледи.

Шойгу июнда Москвада Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин биринчи жолугушуусу болгонун эске салып, анда Ооганстандагы кырдаал жана аны турукташтыруу жолдору каралганын эске салды.

Комментарий жиберүү