Армения менен Азербайжандын ортосунда кайрадан ок атылды

Армения менен Азербайжандын чек арасында кайрадан абал курчуду.

Бул тууралуу россиялык басылмалар жазышууда.

Арменирянын Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын армиясы Тоолуу Карабак чатагын тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча үч тараптуу келишимдерди бузганын билдирүүдө.

Ал эми Азербайжан Тоолуу Карабах жаткан ок атылгандыктан атайын операция жүргүзүп, анын натыйжасында Карабахтагы бийиктиктерди анын ичинде Гырхгыз жана Сарыбабаны көзөмөлгө алганын жарыялады.

Тоолуу Карабах бийлигинин маалыматына караганда, Лачын аймагындагы райондо аскердик кагылышууда эки армениялык аскер көз жумган  жана дагы 14 жоокер жаракат алган.

Ал эми Азербайжан тараптан бир аскери көз жумганы айтылууда.

Тоолуу Карабахтын лидери Араик Арутюнян чек арада кырдаал курчуганына байланыштуу аскерлер тартылып жатканын билдирди.

Эске салсак, Тоолуу Карабахтагы абал 2020-жылдын сентябрь айында курчуп, Армения менен Азербайжан аскерлеринин ортосунда куралдык тирешүү башталып кеткен. Ортодо согуш чыгып, анын чыгышына Армения менен Азербайжан бири-бирин айыптап келет.

Ошол эле жылдын ноябрь айында Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения Азербайжанга Кельбаджар, Агдам, Лачын райондорун өткөрүп берген. Бирок туурасы 5 чакырым болгон Лачын коридору Армениянын көзөмөлүндө калган. Тоолуу Карабахтын жана Лачын коридорунун чет жакаларында атайын техника менен Россиянын тынчтык орнотуучулары жайгаштырылган.

Комментарий жиберүү