Кытай Тайванга жакын сууларга баллистикалык ракеталарды учурду

Кытайдын армиясы Тайвань булуңундагы машыгуулар учурунда бир нече баллистикалык ракеталарды учурду.

Бул тууралуу Тайвандын борбордук маалымат агенттиги жергиликтүү коргоо министрлигине шилтеме берүү менен билдиргенин РИА Новости жазды.

“Болжол менен саат 13:56да (Москва убактысы менен 08:56) Кытайдын Коммунисттик партиясы Тайвандын түндүк-чыгышындагы жана түштүк-батышындагы сууларга Дунфэн сериясындагы бир нече баллистикалык ракеталарды учурду”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бир күн мурун Кытайдын мамлекеттик Global Times гезити өлкө армиясы Тайван булуңу аркылуу узак аралыкка учуучу согуштук артиллерияны жана DF-17 (Дунфэн-17) гипер үндүү ракетасын колдонорун жазган.

Маневрлар бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө (Москва убактысы боюнча 7:00) башталып, 7-августка чейин уланат. Машыгуулар аралдын тегерегиндеги алты аймакта өтүүдө.

Кеңири масштабдагы машыгуулар Тайван бийлигинин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосини аралда кабыл алуу чечимине жооп болду.

Америкалык аткаминер Тайванга 2-август күнү кечинде келген. Эртеси ал жергиликтүү администрациянын башчысы Цай Инвэнь менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан сон Кореяга учуп кеткен.

Кытай Тайванды өзүнүн провинциясы деп эсептейт жана Пекиндин дипломатиялык мамилелери бар мамлекеттердин расмий адамдары жана аскерлери менен Тайбэйдин ар кандай байланышына каршы чыгат.

Кытай бийлиги Пелосинин аралга келиши “бирдиктүү Кытай” принцибине каршы келерин жана кырдаалды курчутарын эскерткен.
Пелосинин сапары Тайван булуңундагы чыңалууга түрткү болду.

Кытай аскердик машыгууларды баштагандан тышкары Тайванга жаратылыш кумун экспорттоону убактылуу токтотуп, бир катар тайван товарынын импортуна тыюу салды.

Комментарий жиберүү