Японияда катуу жамгырдан улам 10 миңдеген адамдар жай которушууда

Япониянын алты префектурасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу каптоо жана жер көчкү коркунучу жаралып, 107 миңден ашуун киши убактылуу жер которууга мажбур болууда.

Бул тууралуу Известия басылмасы жазды.

Япониянын Хонсю аралынын түндүгүндө, түндүк-батышында жана түндүк-чыгышында нөшөрлөгөн жамгыр уланууда. Жамгырдын ылдамдыгы айрым аймактарда 161 мм/саатка жетүүдө.

Өлкө бийлиги Хонсю аралынын жашоочуларына үйлөрдөн чыгып, эвакуациялоо борборлоруна көчүү буйругун берди. Бул жерлерде жаандан улам бир нече дарыялар жээгинен ашып кеткен.

Бул аймактарда коркунучтун эң жогорку деңгээли байкалып жаткандыктан, бешинчи деңгээлдеги өзгөчө коопсуздук чаралары жарыяланды.

Ямагатада нөшөрлөп жааган жамгырдан улам ылдам жүргөн поезд каттамдары токтоп турат жана бир нече жолдор жабылган.

Ошондой эле жүзгө жакын үйдү суу каптап, Ниигатадагы эки миңдей үйдө электр жарыгы өчкөн. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек.

Комментарий жиберүү