Ислам тарыхындагы алгачкы азанчылар

Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок экендигин жана Мухаммед пайгамбарыбыз Аллахтын кулу, элчиси экендигин жарыялоодон, ошондой эле беш маал намазга чакыруудан өткөн жакшы иш барбы?

Эки дүйнөлүк мындай сыймыктуу милдетти азанчылар аркалап, Жараткандын ыраазычылыгына жетишет. Бул макалада Ислам дүйнөсүнүн алгачкы азанчылары менен тааныштырабыз.

БИЛАЛ ХАБАШИ (р.а) – Ислам тарыхындагы биринчи азанчы. Ал кара терилүү кул болгон. Билал (р.а) Исламды кабыл алгандан кийин кожоюну аны динден чыгаруу үчүн кыйнап баштаган. Ошондо Абу Бакр (р.а) акча төлөп, аны кулдуктан куткарат. Мусулмандар адамдарды намазга кантип чакыруу керектиги тууралуу ойлонуп башташат. Бир күнү Абдуллах ибн Зайд азанды түш көрөт. Аллахтын элчиси бул түштүн аян экендигин билип, азандын сөздөрүн үнү уккулуктуу Билалга үйрөтүүнү буйруйт. Ошондон кийин Билал Хабаши үйдүн чатырына чыгып, мусулмандарды намазга чакырган.

Бул Ислам тарыхындагы алгачкы азан болчу. Кийинчерээк Пайгамбарыбыздын мечитинин артында азан айтуу үчүн атайын орун бөлүнгөн.

АБДУЛЛАХ ИБН УММ МАКТУМ динди кабыл алган биринчи мусулмандардан болгон. Анын тубаса көзү азиз эле. Мединага көчүп келгенден кийин ага Куран үйрөтүү милдети жүктөлгөн. Аллахтын элчиси Мединадан чыкканда, шаарга Умм Мактумду өкүл катары калтырчу. Ошондой эле бул сахаба кээде намазда имамдык милдетти да аткарган. Пайгамбарыбыз намазда имамдык кылса, Билал (р.а) азан айткан. Ал эми Умм Мактум коомат айтчу. Бирок кээде алар милдеттерин алмаштырып турушкан. Билал (р.а) түнкүсүн азан айтса, Умм Мактум таңкы намазга мусулмандарды чакырчу.

АБУ МАХЗУРА курайш уруусунан болгон. Ал мусулмандар Меккени алгандан кийин Исламды кабыл алган. Бул окуя мындайча болгон. Таифти басып алган соң мусулмандар тыныгып калышат. Намаз убактысы кирип, азан айтылат. Мына ошол убакта Абу Махзура жана анын жолдоштору азандын артынан кайталап, шылдыңдай башташты. Аллахтын элчиси ﷺ туурап жаткандардын ичинен бирөөнүн үнү жакшы экендигин айтып, өзүнө чакырат. Ага азан айтууну буйруп, акча сунат жана ал үчүн дуба кылат. Ушундан көп өтпөй, Абу Махзура Ислам динин кабыл алган. Ал пайгамбарыбыздан ﷺ Аль-Харам мечитине азанчы кылып дайындоосун сурайт. Абу Махзуранын (р.а) өтүнүчү кабыл алынат. Анын көзү өткөндөн кийин урпактары кылымдар бою Ыйык мечитте азанчы болуп эмгектенишкен.

САД ИБН АЗИЗ тери менен соода кылчу. Ал пайгамбарыбыздын ﷺ убагында Мединага жакын Куба мечитинде азанчы болгон. Сад кандайча азан айтып калды.? Аллахтын элчиси ﷺ Кубага дайым азан айтып, мусулмандарды чогулткан Билал (р.а) менен келчү. Бирок бир жолу бул аймакка жалгыз келип калат. Муну көргөн Сад ибн Азиз (р.а) дароо ордунан туруп, азан айтып баштайт. Эмне үчүн бул кадамга баргандыгын ал мындайча түшүндүрүп берген: “Оо, Аллахтын элчиси, сен келгенде, кара терилүү кулдардын башкача көз караштарын байкадым. Алар сага зыян тийгизип коюшунан корктум. Элди чогултуу үчүн азан айта баштадым. Муну уккан пайгамбарыбыз ﷺ аны мактап, мындай деген: “Туура кылгансың. Эгер жанымда Билал жок болсо, сен азан айтып жүр”.

Аллахтын элчиси ﷺ дүйнөдөн кайткандан кийин Билалдын (р.а) көздөрү жашка толуп, азан айта албай калганда, намазга чакыруу үчүн Сад ибн Азиз (р.а) дайындалган. Ал эми Сад кайтыш болгондон соң, азан айтуу милдети анын балдарына өткөн.

Комментарий жиберүү