Карызга байланыштуу 9 адеп

Карыз – бул аманаттын бир түрү. Аллах момундарга буйруйт: “Акыйкатта, Аллах силерге тапшырылган аманатты анын ээсине тапшырууну буйрук кылат…” (Куран, 4:58). Аманатка жоопкерчиликтүү мамиле кылганы үчүн момундар Жараткандын каалоосу менен бул дүйнөдө да, акыретте да соопко (сыйлыкка) ээ болушат.

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: Карыздан сактангыла! Карыз бул – түн ичиндеги кайгы-муңдун, күндүзгү убактагы кор болуунун себеби”. Ошондуктан мусулман карыз алууга жана берүүгө олуттуу мамиле кылыш керек.

КАРЫЗ БЕРҮҮЧҮГӨ ЭСКЕРТҮҮ:

1. Жакшы ниет менен карыз берүү

Аллахтын элчиси ﷺ мындай деген: “Ким эки жолу күмүштү карызга берсе, бир жолу садака бергенге барабар болот” (Байхаки).

2. Карызын жакшы көрүнүштө талап кылуу

Пайгамбарыбыз ﷺ минтип дуба кылган: “Сатканда, сатып алганда жана акысын талап кылганда жумшак болгон адамды Аллах Таала өз мээримине алсын” (Бухари).

3. Төлөй албай калганда узартып берүү

Аллах Таала айтты: “Эгер (карыз алуучу) начар (турмушта жашаган киши) болсо, бай болгонго чейин күткүлө” (Бакара, 280).

4. Мүмкүн болсо, карызды кечип жиберүү

Ыйык Куранда мындай деп келет: “Эгер (карызыңарды) садака кылып жиберсеңер, өзүңөргө жакшы, эгер билсеңер” (Бакара, 280).

5. Сүткорлуктан алыс болуу

Азирети Жабир (р.а) айтат: “Аллахтын элчиси ﷺ сүткорлуктан жегенди, жедиргенди, аны жазганды, ага күбө болгондорду каргыштап: “Булардын баары бирдей”, – деген.

КАРЫЗ АЛГАН АДАМГА ЭСКЕРТҮҮ:

1. Жөнү жок эле жана зарылчылыксыз карыз албоо

2. Кайра кайтарып берем деген ниетте алуу

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Ким кайтарып берүү ниетинде карыз алса, Аллах Таала анын карызын кайтарып берүүсүн жеңил кылат” (Бухари).

3. Карызды убагында кайтаруу

Пайгамбарыбыз ﷺ айткан: “Бай (карызды кайтарууга мүмкүнчүлүгү бар) адамдын (карыз мөөнөтүн) узартуусу зулумдук болуп саналат” (Бузари).

4. Карыздан жеңил кутулуу үчүн дуба кылуу

Абу Ваил (р.а) төмөндөгүчө баяндайт: “Азирети Алиге азат болуу үчүн кожоюнуна төлөм төлөө келишимин түзгөн кул келип: “Төлөмдү төлөй албай калдым, мага жардам бер”, – дейт. Азирети Али: “Сага Аллахтын элчиси ﷺ үйрөткөн дубаны үйрөтөйүнбү? Эгер бул дубаны кылсаң, тоодой карызың болсо да Аллах сага жардам берет. Мындай деп дуба кыл: “Оо, Жараткан Аллах, мага адал нерселерди жетиштүү кыл, арамга кирүүнү оюма да салба. Мага байлык бере көр жана Өзүңдөн башкага муктаж кылба”.

Комментарий жиберүү