Момундардын энеси Умм Саляма тууралуу кызыктуу 10 факт

Аруу энелерибиз тууралуу кызыктуу фактылар менен бөлүшүүнү улантабыз. Бул жолу пайгамбарыбыздын ﷺ сабырдуу жана акылдуу жубайы азирети Умму Саляма Хинд жөнүндө айтып беребиз.

1. Умм Саляма Бани Махзуум уруусунан биринчи мусулман болгон аял эле. Күйөөсү азирети Абу Саляма (р.а) менен бирге пайгамбарыбыздын ﷺ алдында Ислам динин кабыл алып, сыймыкка бөлөнүшкөн.

2. Исламды эркин карманыш үчүн Умм Саляма (р.а) күйөөсү менен Эфиопияга, андан кийин Мединага жер которушкан. Бул үй-бүлө күчтүү ыйманы, ынтымактуулугу менен көптөгөн кыйынчылыктарды жеңген.

3. Умм Саляманын (р.а) күйөөсү Ухуд согушунда оор жарадар болуп, кийин каза болгон. Ал көз жумарында аялынын өзүнөн да жакшы адамга турмушка чыгуусун тилеп, дуба кылган.

4. Мындан көп өтпөй, пайгамбарыбыз ﷺ Умм Саляманын (р.а) колун сурап келген. 5 баласы менен жесир калган Умм Саляма (р.а) энебиз дүйнөдөгү эң мыкты инсанга турмушка чыккан. Ошол кезде Аллахтын элчиси 57 жашта, Умм Саляма энебиз (р.а) 44 жашта эле.

5. Азирети Умм Саляма (р.а) азирети Айшадан (р.а) кийинки эле момундардын кадыр-барктуу энеси болуп саналат. Эс-тутуму күчтүү, илими терең, баам-парасаттуу, сөзү өтүмдүү, акылдуу аял болгон.

6. Пайгамбарыбыздын жубайы Умм Саляма (р.а) энебиз түнкүсүн ибадат кылуу менен таң атырчу. Күндүзү орозо кармаган. Ак көңүл, кичипейилдиги менен көңүлдөргө так курган. Такыбаалыгы менен өрнөк болчу.

7. Азирети Умм Саляма (р.а) пайгамбарыбызга ﷺ көп суроо узаткан. Мунун себебинен ал көптөгөн түйүндүү маселелердин чечилишине себепкер болгон. Умм Саляма (р.а) өтө терең фикх илимине ээ эле. Сахаба аялдардын суроолорун Аллахтын элчисине ﷺ жеткирип, ортомчулук ишти аткарган. Мединада фатва берген аялдардын бири болгон.

8. Азирети Айшадан (р.а) кийин эң көп хадис риваят кылган Умм Саляма (р.а) энебиз эсептелет. Анын Ахмед бин Ханбалдын “Муснад” деген эмгегинде 378 риваяты киргизилген. Булардын 13үн Бухарий менен Муслим бир пикирде кабыл алышкан.

9. Умм Саляма (р.а) пайгамбарыбыз ﷺ дүйнөдөн кайткандан кийин анын буйругуна баш ийип, ажылык жана умрадан сырткары эч жакка чыккан эмес. Өзүн илимге жана ибадатка арнаган.

10. Азирети Умм Саляма (р.а) хижрийдин 61-жылы дүйнөдөн кайткан. Өмүрлүк жары пайгамбарыбыздын ﷺ артынан жөнөп кеткен ардактуу энебиз Умм Саляманын (р.а) сөөгү Баки көрүстөнүнө коюлган.

Комментарий жиберүү