Иранда сел жүрдү

Селде каза болгондордун саны 90го жетти.

Иранда борбор шаар Тегеран жана өлкөнүн чоң бөлүгүн таасири астына алган жамгырдан улам сел жүрүп, селде каза болгондордун саны 14 сөөктүн дагы табылышы менен 90го жетти. 

Иран Кызылайынын төрагасы Пир Хүсейин Куливенд Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАга берген билдирүүсүндө сел апаатында каза болгондордун саны 90го жеткендигин, 8 кишинин дагы деле дайынсыз экендигин белгиледи. 

Иран расмий булактарына караганда сел болгон 24 аймакта издөө  –  куткаруу иштери менен бирге селден жабыр тарткандарга жардам жеткирүү иштери улантылууда. 

Комментарий жиберүү