Нур-Султанда Борбор Азиядагы эң чоң мечит ачылды. Сүрөт

Бүгүн Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында республикадагы жана Борбор Азиядагы эң чоң мечиттин салтанаттуу ачылышы болду.

Бул тууралуу Tengrinews.kz агенттиги маалымдады.

Жаңы мечит Кабанбай баатыр жана Мангилик Эл проспектилеринин ортосунда, Хусейн бин Талал көчөсүнө жакын жерде жайгашкан.

Көк түстө жасалган башкы куполдун бийиктиги дээрлик 83,2 метрди, диаметри 62 метрди түздү.

Мечиттин төрт мунарасынын бийиктиги 130 метрге чейин жетет.

Ар бир мунара беш бөлүктөн турат, алар исламдын беш түркүгүн – ыйман, намаз, орозо, зекет жана ажылыкты билдирет.

Сол канаттагы бир мунара – келгендер үчүн ачылган. Мунарага лифт менен чыгууга болот.

Мечиттин кире бериш эшиги дүйнөдөгү эң бийик жыгач эшиктердин бири болуп эсептелет. Ал тропикалык Африкада өскөн ироко жыгачынан колго жасалган. Анын бийиктиги  12,4 метр, салмагы бир жарым тонна.​

​Эшиктер казак оймо-чиймелери менен, ал эми көк түстөгү сырткы дубалдары ак араб жазуулары менен кооздолгон.

Мечиттин дубалдары жана куполдун ички бети түркүн түстүү оюулар, оймо-чиймелер, Куран аяттары жана дубалар менен кооздолгон. Араб каллиграфиясын казакстандык уста Асылбек Байзакулы жазган. Ошондой эле кыбыла тараптагы дубалга Алланын 99 ысымы чегилген.

Чоң залга жана аялдар үчүн намазканага толугу менен казак оюмдары түшүрүлгөн килемдер төшөлгөн.

Килемдин жалпы аянты 15 525 чарчы метрди түзөт – бул дүйнөдөгү эң чоң колго жасалган килем болуп саналат. Килемдин калыңдыгы 15 миллиметрди түзөт. Ал Жаңы Зеландияда 100% жүндөн токулган.

Меситтин ачылыш аземине экс-президент Нурсултан Назарбаев катышты.

Куполдун астындагы башкы залдын ортосунда хрустал люстра илинип турат. Анын диаметри 27 метр, салмагы 20 тонна.

Мындан тышкары, мечиттин төрт бурчунда диаметри 8 метр болгон төрт люстра илинип турат.

Мечиттин жалпы аянты 57 миң чарчы метрди түзөт. Имараттын айланасында фонтандары бар чоң парк курулган.

Мечит жайгашкан жер тилкесинин аянты 10 гектарды түзөт.

Мечиттин бир бөлүгү жер астында жайгашкан. Жер астындагы кабатта 440 орундуу банкет залы бар.

Ошондой эле имараттын астында 405 орундуу чоң унаа токтотуучу жай бар.

Мечиттин астына атайын туннель курулган. Шаардык автобустар жүргүнчүлөрдү метро станциясынан мечитке чейин жеткире алат. Бул мечитке келген зыяратчылардын жолун кыскартып, аба ырайы бузулганда коопсуз деп эсептелет.

Мечиттин ачылышына ошондой эле вице-премьер-министр Ералы Тугжанов, экс-премьер-министр Аскар Мамин, Жамбыл облусунун экс-мэри Бердибек Сапарбаев, Алматы облусунун мурдагы акими Амандык Баталов, экс-депутат Куаныш Султанов, BI-Group холдингинин жетекчиси Айдын Рахымбаев жана башка белгилүү инсандар катышты.

Комментарий жиберүү