Өзбекстандын Президенти 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Өзбекстандын Президенти 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.  «Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда.  Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат.  Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.  Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик…

Прочитайте больше

Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга 400 үй курулат

Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга 400 үй курулат

Мамлекет Афганистандан көчүп келген кыргыздарга бекер үй салып берет. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жакынкы мезгилде Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу башталат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Курулуш иштерин быйыл май айында баштоо пландалууда. Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон башка нерселер менен камсыздалат. Өлкө жетекчилиги Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн бардык зарыл…

Прочитайте больше

Жапаров Лукашенко менен эмне тууралуу сүйлөштү?

Жапаров Лукашенко менен эмне тууралуу сүйлөштү?

Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөндүгүнө 30 жыл болду. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары бири-бирин Кыргызстан менен Беларустун ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен кызуу куттукташты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Отуз жылдын ичинде өлкөлөр ортосунда өз ара урматтоонун жана өнөктөштүктүн негизинде түзүлгөн достук мамилелер өнүгүп келе жатканы тууралуу лидерлердин пикири бир чыкты. Эки тараптуу кызматташтыктын бүтүндөй комплекси, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда бара-бара өнүгүп келе жатат. Президент Садыр…

Прочитайте больше

Иран Украинадагы жаңжалга НАТО менен Батыштын провокациялары себепчи деп эсептейт

Иран Украинадагы жаңжалга НАТО менен Батыштын провокациялары себепчи деп эсептейт

 НАТОнун жана Батыш өлкөлөрүнүн чагымчыл аракеттери Украинадагы жаңжалдын негизги себеби болуп саналат. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан түрк телеканалы TRT World менен болгон маегинде билдирди. Дипломат Тегеран Украинадагы согуштук аракеттердин уланышына каршы экенин жана аны саясий жол менен жөнгө салууну жактарын билдирди. “Чыр-чатактын башынан эле биздин позициябыз так жана даана айтылган… Биз НАТОнун, ошондой эле бир катар европалык мамлекеттердин чагымчыл аракеттерин Украинада согуштук аракеттердин башталышынын негизги себеби деп эсептейбиз”, – деди ал. Анын…

Прочитайте больше

Европалык армиялар Иранда террордук уюм деп аталышы мүмкүн

Европалык армиялар Иранда террордук уюм деп аталышы мүмкүн

 Иран парламенти Евробиримдик өлкөлөрүнүн армиясын террордук уюм катары тааныганы жатат. Иран парламенти Евробиримдик өлкөлөрүнүн армияларын террордук уюм деп тааныган учурдагы мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизгени жатат. Бул Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Евробиримдиктин террордук уюмдардын тизмесине киргизилгенине жооп болмокчу. Бул тууралуу Иран парламентинин президиумунун мүчөсү Ахмад Надери билдирди. “Парламентте “АКШнын Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюм катары таануусуна жооп кайтаруу чаралары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор даярдалды. Бул долбоор Ислам революциясынын сакчылар корпусун террордук уюмдардын тизмесине киргизген Европа Биримдигине…

Прочитайте больше

Быйылкы ажылык сапарына каттоо 24-январда башталат

Быйылкы ажылык сапарына каттоо 24-январда башталат

 2023-жылдагы ажылык сапарына каттоо 24-январдан тарта башталат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, каттоо 14-февралга чейин жүргүзүлөт. “Каттоо убактысы белгиленген аралыкта 2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарына баруучу талапкерлер 1 миң АКШ долларын “РСК банкынын” иш убактысы бүткөнгө чейин төлөп, квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга тапшыруусу керек”, – деп айтылат маалыматта. Муфтияттан 2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер төлөө мөөнөтүнүн ичинде 1 миң АКШ…

Прочитайте больше

Иран президенти дүйнөдөгү таасирдүү аялдарды кабыл алды. Алардын катарында Айгүл Жапарова да бар

Иран президенти дүйнөдөгү таасирдүү аялдарды кабыл алды. Алардын катарында Айгүл Жапарова да бар

 Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Ирандын президенти Ибрахим Раисинин Тегеран шаарында өтүп жаткан илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын Биринчи эл аралык Конгрессинин катышуучулары менен жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууга Армениянын премьер-министринин, Сербиянын, Ирактын, Буркина-Фасонун президенттеринин жубайлары, ошондой эле Европа, Азия, Африка жана Латын Америкасынын 40тан ашык өлкөлөрүнүн жогорку деңгээлдеги делегациялары, анын ичинде Азербайжандын, Казакстан, Россия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Пакистан, Индонезия, Малайзия, Сальвадор, Кытай, Япония ж.б. өкүлдөрү да катышты. Ирандын президенти Ибрахим Раиси өз…

Прочитайте больше

АКШ ИМ тероррдук уюмуна тымызын демөөрчүлүк кылабы?

АКШ ИМ тероррдук уюмуна тымызын демөөрчүлүк кылабы?

АКШ азыркы ооган бийлигинин каршылаштары менен байланыш түзүүгө аракет кылып, «Ислам мамлекети» (ИМ) тероррдук уюмуна тымызын демөөрчүлүк кылууда. Бул туурасында Москвада маалыматтар бар экенин Россиянын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов билдиргенин РИА Новости жазды. «Ооба, мындай маалыматтар бар, алар муну пайда алыш үчүн эмес, зыян тийгизүү үчүн жасашат, анткени алар чындап эле Ооганстандагы аскердик-саясий жеңилүүсү үчүн өч алууну каалашат. Бул үчүн алар аталган аймакта тынчтык орнобошу үчүн колунан келгендин баарын жасашат. Бирок андан да жаманы, англо-саксондор…

Прочитайте больше

Токаев парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоонун күнүн белгиледи

Токаев парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоонун күнүн белгиледи

 Казак президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин төмөнкү палатасы – мажилисти таратып, мөөнөтүнөн мурун шайлоону 19-мартка белгиледи. Тиешелүү буйрук Акордонун сайтына жарыяланды. 19-январда күчүнө кирген буйрукка ылайык, бардык деңгээлдеги жергиликтүү кеңештердин – маслихаттардын да ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурун токтотулду. Бейшембиде президент Токаев Астанада парламенттин эки палатасынын жана өкмөттүн жетекчилери менен жолугуп, эрте шайлоо өткөрүүнү талкуулады. Коңшу өлкөнүн жаңы мыйзамдарына ылайык, мажилистин депутататтырынын 70% партиялык тизме менен, калганы 30% бир мандаттуу округдардан шайланат. Мажилисте 107 эл өкүлү бар. Облустук жана…

Прочитайте больше

Тегеранда Кыргызстан менен Ирандын биринчи айымдары жолугушту. Сүрөт

Тегеранда Кыргызстан менен Ирандын биринчи айымдары жолугушту. Сүрөт

 Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова 20-январда Тегеран шаарында өтө турган Илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын биринчи эл аралык Конгрессине катышуунун алкагында Иран президентинин жубайы Жамиле Аламолхода менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты. Иран президентинин жубайы Жамиле Аламолхода Айгүл Жапарова менен учурашып, Эл аралык конгресске катышуу чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, бул иш-чара аялдардын коомдогу ролун бекемдөөгө багытталган…

Прочитайте больше

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу. Кыргызстанга өзбек адистери келди

«Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолу. Кыргызстанга өзбек адистери келди

“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун координациялоо боюнча биргелешкен Долбоордук кеңсенин ачылышына катышуу үчүн Өзбекстандын Транспорт министрлиги менен “Өзбекстан темир жолдору” АКнын өкүлдөрү Кыргызстанга келди. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалымат кызматы билдирет. Кеңсенин ишинин максаты – долбоордун практикалык ишке ашырылышын тездетүү боюнча биргелешкен чараларды координациялоо. Бүгүнкү күндө “Кыргыз темир жолу» УК” мамлекеттик ишканасы жана “Өзбекстан темир жолдору” АКы тарабынан “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча бардык зарыл…

Прочитайте больше

Айгүл Жапарова Иранга барды

Айгүл Жапарова Иранга барды

Бул тууралуу Ирандын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.  Кыргызстандан барган делегацияны Ирандын расмий адамдарды “Имам Хомейни” аэропортунан расмий тосуп алды. Биринчи айым Айгүл Жапарова Ирандын президенти Ибрахим Раисинин жубайы Жамиля Аламольходанын расмий чакыруусу менен Тегеранда өтө турган таасирдүү аялдардын биринчи эл аралык конгрессине катышуу үчүн барган. Делегациянын курамына президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, Саламаттыкты сактоо жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлери, ошондой эле Кыргызстандын Россиядагы элчиси кирди. Айгүл Жапарова конгресске катышып, сөз сүйлөөдөн тышкары, Ирандын биринчи айымы Жамиля Аламольхода…

Прочитайте больше

Пакистан менен Ооганстандын чатакташуусу Борбор Азияга кандай кесепетин тийгизет?

Пакистан менен Ооганстандын чатакташуусу Борбор Азияга кандай кесепетин тийгизет?

  2022-жылдын аягы жана 2023-жылдын башталышы Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы Хайбер-Пахтунва чек ара аймагында дагы бир чыңалуу менен башталды. Карап көрсөк, чыр-чатактар талаштуу аймак жана коопсуздук жаатында эки мамлекеттин ортосундагы көптөн бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү чечүүнүн уландысы болуп саналат. Бирок анда Хайбер-Пахтунва чөлкөмүн Борбордук Азиядагы жана андан тышкаркы өлкөлөр үчүн коркунуч туудурган туруксуз аймакка айландыруу ыктымалдуулугунун белгилери көрүнүп турат. Алсак, өткөн жылдын ноябрь айынын аягында «Техрик-е Талибан Пакистан» (пакистандык талиптер) уюму Пакистан өкмөтү менен…

Прочитайте больше

Казакстан четэлдиктерге өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырды

Казакстан четэлдиктерге өлкөгө  кирүү эрежесин катаалдаштырды

Өкмөттүн жаңы токтому менен визасыз жүрүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Эми иммигранттар Казакстан аймагында чек арадан өткөндөн баштап визасыз 30 күнгө чейин гана жүрө алышат. Буга чейин мөөнөт 90 күн болгон. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандары, анын ичинде орусиялыктар Казакстан аймагында 180 календардык күндүн алкагында 90 күн гана жүрө алышат. Натыйжада өлкөдө жүрүү убактысын узартуу үчүн мурдагыдай чек арадан чыгып, кайра кирүүгө уруксат берилбейт. Жаңы эреже 26-январдан баштап күчүнө кирет. Россияда былтыр күздө мобилизация жарыялангандан…

Прочитайте больше

Американын ИШИМге каршы Аль-Хашд аш-Шаби операциясына тоскоол болушу

Американын ИШИМге каршы Аль-Хашд аш-Шаби операциясына тоскоол болушу

Ирактын коопсуздук кызматкери, америкалык аскерлер Анбар провинциясында ИШИМге каршы Аль-Хашд аль-Шааби күчтөрүнүн операциясына бөгөт койгонун билдирди.  Fars агенттигинин маалыматына ылайык, Ирактын коопсуздук кызматкери Al-Malouma сайтына Айн аль-Асад базасында жайгашкан Америка армиясы Элдик мобилизациялык күчтөрдү коркутуп, алардын ИШИМ террористтерине каршы операцияларына тоскоол болгонун айтты. Атын атабаган булак, америкалыктар бул операция ишке ашса Хашд аш-Шаби күчтөрүн бутага ала тургандыктарын эскерткенин, ошондуктан операция башка күнгө жылдырылганын айтты. Бул коопсуздук кызматкеринин айтымында, бул операция Анбар провинциясынын батышындагы жана Сириянын…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5