ЖМК: Израиль 300 палестиналыкты бошотот, алардын 290у өспүрүмдөр жана балдар

ЖМК: Израиль 300 палестиналыкты бошотот, алардын 290у өспүрүмдөр жана балдар

Израиль бошото турган талапкерлердин тизмесинде 300 палестиналыктын дээрлик 290у 18 жаштан кичүү жаштар, калгандары аялдар, деп билдирет Times of Israel. «Абактан бошотулушу пландалган 300 туткундун 287си 18 жаштагы жана андан кичүү эркек балдар. Алардын көбү Батыш жээкте же Чыгыш Иерусалимде башаламандык жана таш ыргытуу боюнча соттолгон. Калган 13 туткун чоң аялдар», — деп жазат басылма. i24 телеканалынын маалыматы боюнча, туткундан бошотула тургандардын эң жашы 14 жашта. Буга чейин Израилдин юстиция министрлиги Газа тилкесиндеги барымтадагы израилдиктерди…

Прочитайте больше

Хуситтер Кызыл деңизде израилдик кемени кармаганын билдирди

Хуситтер Кызыл деңизде израилдик кемени кармаганын билдирди

Йемендик «Ансар Аллах» кыймылынын өкүлү Яхья Сариа хуситтер Кызыл деңизде израилдик кемени кармап, Йемендин жээгине сүйрөп барып токтотушканын билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, кеменин экипажы кармалган. «Йемендин куралдуу күчтөрү Кызыл деңизде аскердик операция жүргүзүп, натыйжада израилдик кеме колго түшүрүлдү. Ал Йемендин жээгине алып келинди. Йемендин куралдуу күчтөрү кеменин экипажына биздин ислам динибиздин окууларына жана баалуулуктарына ылайык мамиле кылууда», — деп айтылат кыймылдын өкүлүнүн Telegram-каналындагы баракчасында жарыяланган билдирүүдө. Буга чейин «Al Hadath» телеканалы булактарына таянып, хуситтер Аден булуңунун…

Прочитайте больше

Ирандын Жогорку лидери ислам өлкөлөрүн Израиль менен мамилелерди үзүүгө чакырды

Ирандын Жогорку лидери ислам өлкөлөрүн Израиль менен мамилелерди үзүүгө чакырды

Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи жекшемби күнү мусулман өлкөлөрүн Израиль менен мамилесин биротоло үзүүгө, атап айтканда, Тель-Авивге азык-түлүк жана электр энергия жеткирүүнү токтотууга чакырды. «Кээ бир ислам өлкөлөрү Израилдин кылмыштарын ачык эле айыпташты, кээ бирлеринин муну жасай электиги кабыл алынгыс нерсе. Учурдагы негизги маселе — Израилдин эң маанилүү артериясын бууп, кээ бир ислам өлкөлөрүнүн аркасы менен энергия жана азык-түлүк алуусуна жол бербөө керек. Мусулман мамлекеттери Израиль менен саясий мамилелерин жок дегенде белгилүү бир убакытка…

Прочитайте больше

Эрдогандын жубайы Стамбулда Палестина боюнча саммит өткөрдү. Ага Биринчи айымдар катышты

Эрдогандын жубайы Стамбулда Палестина боюнча саммит өткөрдү. Ага Биринчи айымдар катышты

Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган 15-ноябрда Стамбулда “Палестина үчүн бир жүрөк” деген темада саммит өткөрдү. Ага мамлекет жана өкмөт башчыларынын жубайлары, ошондой эле көптөгөн өлкөлөрдүн атайын өкүлдөрү катышканын Anadolu агенттиги жазды. Палестинага тилектештик билдирген саммитке катышкандардын арасында Өзбекстан, Бангладеш, Босния жана Герцеговина, Палестина, Бразилиянын биринчи айымдары Зироатхон Мирзиёева, Ребекка Султана, Сабина Комсич, Амина Аббас, Розанжела да Силва жана Малайзиянын ханышасы Тунку Азиза, Ливандын премьер-министринин жубайы Мэй Микати, Катардын шейхинин энеси Моза бинт Насер аль-Миснед, Пакистандын…

Прочитайте больше

Матвиенко: Батыш КМШ өлкөлөрүнүн шериктештигин бөлүп-жара албайт

Матвиенко: Батыш КМШ өлкөлөрүнүн шериктештигин бөлүп-жара албайт

Батыш өлкөлөрү КМШ өлкөлөрүнүн шериктештигин бөлүп-жарып, Россия менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты үзө албайт. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын алкагында журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды. «Батыш өлкөлөрү Россия менен Борбор Азия мамлекеттерин бөлүп-жарууга ар тараптан аракет кылып жатат», — деди Матвиенко. «Бирок ушул убакка чейин муну ишке ашыруу мүмкүн болгон жок жана андан майнап чыкпайт деп толук ишенем, биздин жалпы тарыхыбызды, жалпы жеңиштерибизди…

Прочитайте больше

Эрдоган Израилди террордук мамлекет деп атады

Эрдоган Израилди террордук мамлекет деп атады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилди “террордук мамлекет”, ал эми ХАМАС кыймылын Газа тилкесиндеги мыйзамдуу саясий күч деп атады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды. «Израиль мамлекеттик терроризм менен алектенет. Мен муну ачык айтып жатам — Израил террордук мамлекет. Силер ХАМАСты террордук уюм деп атап жатасыңар, бирок ХАМАС шайлоодо жеңген саясий партия», — деди ал», деди түрк лидери. Эрдоган Түркия “дүйнө Израилди террордук мамлекет катары таанып, билүүсү үчүн аракетин улантат” деп кошумчалады. Түрк лидери Анкара БУУнун…

Прочитайте больше

Аалымдар Кеңеши: Никаб — парз эмес, сакал — сүннөт

Аалымдар Кеңеши: Никаб — парз эмес, сакал — сүннөт

Кыргызстанда коомдук жайларда бетти жапкан кийим кийгендиги жана көлөмдүү сакал койгондугу үчүн айып салуу сунушталууда. Буга байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши билдирүү жасады. Аалымдар Кеңешинин билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз: Динибизде эркектердин жана аялзатынын авраты ачык белгиленген. Шариятта (ханафий мазхабы боюнча) аялдар үчүн колу (алаканы), буту (тамандан кызыл ашыкка чейин) жана жүзү (чач жана ээкке чейин) ачык жүрүүгө уруксат берилет. Калган дене мүчөлөрү аял үчүн аврат деп эсептелет. Аврат эсептелген дене мүчөлөрүн жаап жүрүү исламда хижаб же…

Прочитайте больше

Кулубаев: Палестина элинин азап-кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт

Кулубаев: Палестина элинин азап-кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт

15-ноябрда КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Палестина Мамлекетинин Ташкент шаарында жайгашкан Кыргызстандагы элчиси Джавад Авадды кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кулубаев Газа тилкесиндеги согуштук аракеттердин натыйжасында көптөгөн курмандыктарга байланыштуу көңүл айтып, Кыргызстандын эли палестина элинин азап-кайгысын тең бөлүшөөрүн белгиледи. Министр Кыргызстан ок атышууну тез арада токтотууну жактай тургандыгын, ошондой эле палестина элинин өз тагдырын өзү аныктоо жана көз карандысыз палестина мамлекетин түзүү боюнча мыйзамдуу ажырагыс укуктарын колдоого толугу менен берилгендигин баса белгиледи. Өз кезегинде Элчи…

Прочитайте больше

Бишкекке КМШ өлкөлөрүнүн парламенттик делегацияларынын келиши уланууда. Сүрөт

Бишкекке КМШ өлкөлөрүнүн парламенттик делегацияларынын келиши уланууда. Сүрөт

16-17-ноябрда Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) күзгү сессиясы өтөт. Сессиянын алкагында КМШ ПААнын Кеңешинин отуруму, КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны, КМШ жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын отуруму өтөт. Андан тышкары, Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча, Социалдык саясат жана адам укугу боюнча КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын жыйындары болот. КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери жана депутаттары Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына жана белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган…

Прочитайте больше

Палестина Кыргызстандын көрсөткөн көмөгүн эч качан унутпайт

Палестина Кыргызстандын көрсөткөн көмөгүн эч качан унутпайт

Палестина мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Джавад Авад палестиналыктардын башына түшкөн кайгылуу күндөрү колдоо көрсөткөн Кыргызстандын президентине, Жогорку Кеңешине жана жалпы элине ыраазычылык билдирди. Бул туурасында ал Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен болгон жолугушуусунда билдирди. Төрага Нурланбек Шакиев Палестинанын Газа тилкесиндеги кайгылуу окуяларга Кыргызстан тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын белгиледи. “Чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бардык палестиналыктарга Жогорку Кеңештин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биз адамзат тарыхындагы бул кайгылуу алааматтын тезирээк токтошуна тилектешпиз”, – деди….

Прочитайте больше

Турсунбай Бакир уулу: Кутурган жөөттөргө ХАМАС күчүн көрсөттү. Видео

Турсунбай Бакир уулу: Кутурган жөөттөргө ХАМАС күчүн көрсөттү. Видео

 Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу «ИЛИМ КЕНИ» илимий изилдөө каналына Палестина-Израиль жаңжалы тууралуу маек курду.

Прочитайте больше

Араб жана мусулман өлкөлөрүнүн Газа боюнча кезексиз саммити: эң маанилүү билдирүүлөр

Араб жана мусулман өлкөлөрүнүн Газа боюнча кезексиз саммити: эң маанилүү билдирүүлөр

11-ноябрда Сауд Аравиянын борбору Эр-Риядда Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) жана Араб Мамлекеттер Лигасына мүчө араб жана мусулман өлкөлөрүнүн лидерлеринин катышуусунда Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтотуу боюнча жалпы позицияны иштеп чыгуу максатында эки кезексиз саммит болуп өттү. Жалпы жыйынга Ирандын президенти Ибрахим Раиси, Түркиянын президенти Режеп Тейип Эрдоган жана Сириянын президенти Башар Асад, Палестинанын лидери Махмуд Аббас келишти. Саммиттер Газа тилкесиндеги курч кырдаалдын фонунда өткөрүлдү. Бир айдан ашык убакыттан бери Израилдин күн сайын бомбалоосунан блокадада калган…

Прочитайте больше

Рахмон Эр-Риядда Газа тилкеси боюнча билдирүү жасады

Рахмон Эр-Риядда Газа тилкеси боюнча билдирүү жасады

Тажикстан 1967-жылы аныкталган чек аралары менен, баш калаасы Чыгыш Иерусалимде жайгашкан Палестина мамлекетин түзүүнү колдойт. Бул тууралуу тажик президенти Эмомали Рахмон 11-ноябрда Эр-Риядда өткөн Ислам кызматташтык уюмунун саммитинде билдирди. Анын айтымында, Палестин мамлекетин түзүү – палестин эли эл аралык мамилелердин принциптеринин негизинде жана дүйнөлүк коомчулуктун өз алдынча субъектиси катары өзүнүн улуттук укуктарын ишке ашыра ала турган жалгыз жол болуп эсептелет. «Биздин өлкө жана дүйнө коомчулугу Палестинанын бул бөлүгүндөгү кризистик кырдаалга катуу тынчсызданууда. Тажикстан миңдеген жай…

Прочитайте больше

Кыргызстандык Мухаммадали Умаров ааламдагы эң мыкты 10 карынын катарына кирди

Кыргызстандык Мухаммадали Умаров ааламдагы эң мыкты 10 карынын катарына кирди

Кыргызстандык белгилүү хафиз Мухаммадали Умаров ушул жылдын 4-12 ноябры Катардын Доха шаарында өткөн “Ауаль Аль-Ауаиль” (Биринчилердин биринчиси) аталышындагы дүйнөлүк Куран жарышта мыкты 10 карынын катарын толуктады. Бул тууралуу “Умма” ислам журналы жазды. Куран жарышка дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн мыкты карылар чакырылган. Конкурстун шарттарына ылайык, катышуучулар Курандын сүрөөлөрүн жатка окуп берүү менен бирге Куран аяттарынын маанилерин (тафсирин) чечмелеп берүү боюнча ат салышкан. Мухаммадали калыстар тобунун бардык суроолоруна мыкты деңгээлде жооп берип, эң жакшы көрсөткүчтү багындыра алган….

Прочитайте больше

Садыр Жапаров ИКУнун саммитинде: Кыргызстан Палестина элинин суверендүү мамлекет түзүү укуктарын тааныйт

Садыр Жапаров ИКУнун саммитинде: Кыргызстан Палестина элинин суверендүү мамлекет түзүү укуктарын тааныйт

Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарына  болгон иш сапарынын алкагында Ислам Кызматташтык Уюмунун 8-кезексиз Саммитинде сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү Саммиттин маанилүүлүгүн белгилеп, чукул жыйын Палестинадагы каргашуу окуяларга байланыштуу өткөрүлүп жатканын айтты. “Бул чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бир айдан ашык убакыттан бери күчөгөн зордук-зомбулуктун натыйжасында эбегейсиз жоготууларга жана кыйынчылыктарга дуушар болгон бардык палестиналык жарандардын кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт. Ар бир кыйылган өмүр – бул чоң трагедия. Өз кезегинде,…

Прочитайте больше
1 2 3 4