5-августта Иран президентинин инаугурациясы өтөт

Иран Ислам Республикасынын 13-президенти Сайед Ибрахим Реисинин инаугурациясы 73 штаттын 115 өкүлүнүн катышуусунда 5-августта өтмөкчү.

Белгилей кетсек, Реиси 18-июнда өткөн шайлоодо 17,9 млн. добушка (62%га жакын) ээ болгон.
Ал эми кечэ, 3-августта Сейед Ибрахим Реисинин президенттик кызматын бекитүү аземи болуп өттү. Аземде Иран Ислам Республикасыныны Руханий лидери Аятолла Хаменеи жаңы президенттин кызматын тастыктаган грамота тапшырган.
 Аятолла Хаменеи аземде сөз сүйлөп: Президент улуттук биримдиктин элеси болушу керек, эл менен чынчыл сүйлөшүп, коррупция жана коррупциялашкан элементтер менен ырайымсыз күрөшүшү керек”.- деп баса белгиледи.
“Реиси мырза, мурунку милдеттерин аткарууда (сот бийлигинин башчысы катары) коррупция менен күрөшүп, алрга каршы олуттуу түрдө чараларды көрдү “,-деп кошумчалады Руханий лидер.
Ал ошондой эле жаңы президентке өз колдоосун билдирип мындай деди: “Мен тажрыйбалуу, чарчабаган, компетенттүү жана атактуу окумуштуу Сейед Ибрахим Реисинин жеңишин колдойм жана аны Иран Ислам Республикасынын президенти кылып дайындайм”,- деди.
Эске салсак, Ирандын ички иштер министри Абдолрез Рахмани Фазли салтанат учурунда президенттик шайлоонун өткөрүлүшү тууралуу отчет берди. Иран президентинин шайлоолоруна калктын 48%ы катышкан. Ал эми эртеңки инаугурацияны өлкөнүн 170 кабарчылары чагылдырмакчы. Ошондой эле 10 өлкөнүн башчылары, Эл аралык уюмдардын 11 өкүлү жана өлкөнүн айрым министрлери менен парламент өкүлдөрү катышышмакчы.

Комментарий жиберүү