Коронавируска каршы республикалык штабдын бүгүнкү, 16-июндагы маалыматына ылайык, өлкөдө акыркы 24 сааттын ичинде вирус жуктурган 647 учур катталды. Акыркы бир суткада өлкө боюнча коронавирустан жети адам каза болду. Көз жумгандардын экөө Бишкекте, экөө Жалал-Абадда, экөө Ошто жана бирөө Чүйдө катталды. Өлкө боюнча жалпы бул илдеттен көз жумгандардын саны 1912 адамга жетти.Жуктуруу учурларынын көпчүлүгү Бишкек шаарында катталууда. Расмий катталган саны 111 990 адамга жетти.Кечээ, Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда COVID-19дун үчүнчү толкуну башталганын расмий жарыялап, буга чейинки…
Прочитайте большеКыргызстан
Кыргызстанда сабиздин кымбатташына Тажикстандын тиешеси барбы?
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу сабиздин баасы 100 сомго жетип, андан да ашып кетти. Буга эмне себеп болду? Сабиз мурда Тажикстандан келип, учурда чек ара жабылгандан улам кымбаттадыбы?Акыркы апталарда сабиздин баасы 50-60 сомдон болуп, учурда 100сомдон ашып кеткени белгилүү.Сабиз эле эмес, кызылча, картошканын баалары да жогору. Дыйкандар мунун себебин коңушу өлкөлөргө, Орусияга экспорттолуп жатканын айтышууда.Айрым жашылчалардын кымбатташы, “ашыкча” экспорттон экени да күмөн. Бир четинен жашылчылардын аздыгынан пайдаланып, ортодо бааны атайын жогорулатып жибериши да мүмкүн. Тилекке каршы…
Прочитайте большеКыргызстанга Сауд Аравиянын Падышасы менен ТИМ жетекчиси келет
Президент Садыр Жапаров Сауд Аравиянын Падышасы Салман бен Абдель Азиз аль-Сауд менен телефон аркылуу байланышып, Кыргызстанга расмий сапарга чакырды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.Белгилей кетсек, баарлашуунун жүрүшүндө кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана анын өнүгүү келечеги, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу жаатында талкуу жүрдү.Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы Сауд Аравиясы менен эки тараптуу боордош элдердин кызыкчылыгындагы өз ара колдоонун жана ишенимдин негизинде ар тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр.Президент, Сауд Аравиясы Кыргызстанга ар дайым оор мезгилде жардам…
Прочитайте большеКыргызстандын калкы 70% айлыгын азык-түлүккө жумшашат
БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстанда 2 млн. тургун жакырчылыкта жашай тургандыгын жарыялады. Кыргызстанда 2 млн. жаран өз кирешелеринин 70%ын тамак-ашка жумшашат. Бул тууралуу 14-июнда Бишкекте өткөн азык-түлүк тутумдары боюнча саммитте БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Андреа Багноли билдирди.“Кыргызстанда 2 миллионго жакын адам жакырчылыкта жашайт жана алар жалпы кирешенин 70%га чейинкисин тамак-ашка сарпташат”, – деди ал.Ал эми Улуттук статистика комитетинин отчету боюнча, Кыргызстанда 2020-жылы 1 млн. 678 миң адам жакырчылыктын чегинде жашашкан, анын 73,7 %ы…
Прочитайте большеКыргызстанда шаардык жапыз автобустар кураштырылып чыга баштайт
Жакын арада Чүй облусундагы заводдо электр жана электрогибрид шаардык жапыз автобустарды кураштырып өндүрүп баштоо пландаштырылууда. Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусунун бир катар өнөр-жай ишканаларын кыдыруу учурунда маалым болду. “Жакын арада завод электр жана электрогибрид шаардык жапыз автобустарды кураштырып өндүрүп баштоону пландаштырууда. Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэриясына аталган автобустарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады”, – деп айтылат өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө. Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле эл аралык стандарттардын талабына…
Прочитайте большеКыргызстанда 2023-жылга чейин 5G технологиясы ишке киргизилиши мүмкүн
Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2023-жылга чейин 5G технологиясын ишке киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу Кыргызстандын санариптик экономикасынын 2021-2023-жылдардагы консепциясында айтылат. Ведомство ушул тапта 4G түйүндөрүн өнүктүрүү тиешелүү чегине жете электигин, ага карабай улуттук телекоммуникациялык тармак 5G технологиясын ишке киргизүү алдында турганын белгилеген. “Жаңы технологиялар маалыматты берүүдө кечигүүнүн алдын алып, жасалма интеллектти ишке киргизүүгө жана жайылтууга жардам берет. Анын жардамы менен “акылдуу шаарларды” жана “үйлөрдү” куруу, аралыктан башкарылуучу автоунааларды пайдалануу, мындан тышкары өндүрүштө, кеңселерде, соода борборлорунда, социалдык жана…
Прочитайте большеЫңгайлуу жана заманбап: Бишкекке ISUZU маркасындагы 21 автобус келди
Бишкекке Өзбекстандан жаңы автобустардын биринчи партиясы келди, алар шаардыктарды тейлет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдирди. Ал жалпы 50 автобустун келүүсү күтүлүп жатканын белгиледи. “Азыр бизге Өзбекстандан ISUZU маркасындагы 21 автобус келди. Калган 29у бир жуманын ичинде келет. Бул долбоор КР инвестиция министрлиги менен биргеликте ишке ашканын белгилеп кетким келет”, – деди мэрдин милдетин аткаруучу. Кудайбергенов бул автобустар ыңгайлуу жана заманбап экенин белгиледи. “Биз аларды шаардын борборун тейлеген линияга…
Прочитайте большеБишкектин мечиттеринде жума намаз окууга болот
КМДБ 11-июндан тарта Бишкек мечитеринде жума намаз окууга уруксат берди. Муфтияттын айтымында, жума намаз окуу жөрөлгөсү бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди так сактоо менен жүргүзүлүшү керек.Белгилей кетсек, намазга келгендерге маска кийүү, намаз окуй турган жайларды дезинфекциялоо, келгендердин баарынын температурасын өлчөө, 1,5 метр аралыкты сактоо, кол алышып кучакташпоо, ар ким өзүнүн жайнамазын алып келүү шарттары коюлган.Ошондой эле ооруп жаткан адамга мечитке кирүүгө уруксат берилбейт.Эске салсак, мурдараак Бишкекте эпидемиялык абал күчөгөндөн улам мечиттерде жума намаз окууга убактылуу тыюу салынган.
Прочитайте большеКыргызстанда коронавирустан дарыланып жаткан 99 бейтап өтө оор абалда
Республика боюнча стационарларда 1 765 бейтап дарыланып жатат. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка караганда, стационарларда дарыланып жаткан 33 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 1137 бейтап орто оор абалда, 496 оор, 99у өтө оор абалда. Ошондой эле амбулатордук дарыланууда 2016 бейтап бар. Кыргызстанда 8-июнга карата коронавирус дагы 379 адамдан аныкталып, жалпы ооругандардын саны 107 714кө жетти. Бир сутка ичинде 311 адам коронавирустан айыгып, жалпы сакайгандардын саны 101 033кө жетти. Ошондой эле сутка ичинде…
Прочитайте большеКыргызстанда төрөлгөн балдардын дээрлик жарымынын аталары жок
Статистика боюнча Кыргызстанда төрөлгөн ымыркайлардын төрттөн бир бөлүгү расмий никеге катталбаган үй-бүлөлөрдүн балдары болсо, 49% балдардын энелери тараптан гана катталууга арыз берилген. Бул көрсөткүч төрөлгөн балдардын 49%ынын аталары жок дегенди туюндурат. Мындан тышкары акыркы 5 жылда үйлөнүү 10%га чейин кыскарып, ажырашуу 19%га жогорулаган. Ал эми ажырашуу боюнча өлкөнүн региондорунда Бишкек алдыңкы орунда турары бегилүү. Белгилей кетсек, ажырашуулар да, балдарын жалгыз баккан ата-энелер да 90-жылдардагы үй-бүлөлүк зомбулукка жол берген үй-бүлөлөрдүн балдары. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук дагы деле өсүүдө,…
Прочитайте большеСадыр Жапаровдун Түркияга качан барары белгилүү болду
Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 9-11-июнунда Түркия Республикасына расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. “Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эки өлкөнүн лидерлери эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында өз ара байланыштын актуалдуу маселелерин талкуулашат”, – деп айтылат маалыматта. Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин V жыйыны эки өлкөнүн…
Прочитайте большеТоктогазиева тажик бийлигин Эл аралык кылмыш сотуна берди
Кечээ, 6-июнда Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева кыргыз-тажик чек аарсындагы окуяны тергөө үчүн эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу жолдогонун өзүнүн фейсбук баракчасына жазды. «Бүгүн, Рим статутунун 15-беренеси менен пайдаланып, Эл аралык Кылмыш Сотунун Прокуроруна Тажикстандын аскер кызматкерлери жана башкы командачылары Кыргыз Республикасынын жарандык калкына каршы аскердик кылмыштарды кылгандыгы учун тергөө ишин баштоо өтүнүчү менен кайрылуу (communication) жөнөттүм. Маалымат чогултууга жана кайрылууну жазууга жардам бергендердин баардыгына (алардын аттарын документте көрө аласыз) терең…
Прочитайте большеКуудул Рахман Разыков дүйнө салды
Разыков пневмонияга чалдыгып ооруканада дарыланып жаткан. Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү куудул жана сатирик Рахман Разыков дүйнөдөн кайтты. Жакындарынын айтуусу боюнча ал 6-июндан 7сине караган түнү дүйнө салган. Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу райо¬нунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында төрөлгөн. “Таң жылдызы” , “Бешилик” жана “Беш кемпир” топторун түзүп, чоң сахнага алып чыккан.
Прочитайте большеМаршрут айдоочулары жол киренин көтөрүлүшүн эмнеге күтүшкөн жок?
Өткөн аптада иш ташташкан маршрут айдоочулары талаптарынын канааттандырылуусун күтпөстөн бүгүнтөн баштап жумушка чыгышты. Белгилей кетсек, 2-июнда жол кирени 10 сомдон 15-20 сомго чейин көтөрүүгө талап коюп, жалпы иш ташташкан маршрут айдоочулары жол кирени көтөрүү чечимин күтпөстөн кайра жумушка чыгышкан.Буга себеп, азыр бийлик Чоң-Алайдагы чек ара маселесине көңүл буруп, айдоочулардын талаптарына жооп бербей жатышканы деп айтылууда.Айдоочулардын айтымында, алар дагы сентябрь айына чейин бийликке убакыт берип күтүшмөкчү. Берилген маалыматтарга караштуу, иш ташталгандан бүгүнкү күнгө чейин айрым маршрут…
Прочитайте большеБишкекке 1-июлга чейин газ менен жүргөн автобустардын алгачкы партиясы келет
Бүгүн, 4-июнда Бишкек мэриясында ISUZU маркасындагы япониялык автобустарды алуу боюнча келишим түзүлдү. Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, келишимге Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Э. Унукуев менен “Эко Пассажирские перевозки” жеткирүү компаниясынын директору К. Усубаматов кол койду. Эскерте кетсек, 11-майда Бишкек мэриясы менен “Эко Пассажирские перевозки” компаниясы ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган. Ага ылайык, “Эко Пассажирские Перевозки” компаниясы ушул жылдын ичинде газ менен жүрө турган япониялык Isuzu үлгүсүндөгү 350 автобусун алып келип, каттамга чыгармак. Келишимде…
Прочитайте больше