Кыргызстанга Сауд Аравиянын Падышасы менен ТИМ жетекчиси келет

Президент Садыр Жапаров Сауд Аравиянын Падышасы Салман бен Абдель Азиз аль-Сауд менен телефон аркылуу байланышып, Кыргызстанга расмий сапарга чакырды.

Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Белгилей кетсек, баарлашуунун жүрүшүндө кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана анын өнүгүү келечеги, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу жаатында талкуу жүрдү.
Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы Сауд Аравиясы менен эки тараптуу боордош элдердин кызыкчылыгындагы өз ара колдоонун жана ишенимдин негизинде ар тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр.
Президент, Сауд Аравиясы Кыргызстанга ар дайым оор мезгилде жардам көрсөтүп келгендигин баса белгиледи.
 Садыр Жапаров эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү жана өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында Салман бин Абдель Азиз Аль Саудду Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.
Өз кезегинде, Сауд Аравиясынын Королу чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүүсүн канааттануу менен белгиледи. Ал Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын элдеринин кызыкчылыктарын канааттандырган биргелешкен өз ара кызматташууну улантууга даярдыгын билдирди.
Ал эми 14-июнда Бишкекте Сауд Аравия Падышачылыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Аль-Радинин Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге Ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшыруу аземи болуп өттү.
Жолугушууда элчи Сауд Аравия Королдугунун Тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль Сауддун ушул жылдын июль айынын ортосунда Кыргызстанга келүү ниети жөнүндө маалымдады.
Бул иш-чаранын маанилүүлүгүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы кыргыз тараптын Сауд Аравия Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин башчысын кабыл алууга даяр экендигин билдирди.

Комментарий жиберүү