Токтогазиева тажик бийлигин Эл аралык кылмыш сотуна берди

Кечээ, 6-июнда Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева кыргыз-тажик чек аарсындагы окуяны тергөө үчүн эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу жолдогонун өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.

«Бүгүн, Рим статутунун 15-беренеси менен пайдаланып, Эл аралык Кылмыш Сотунун Прокуроруна Тажикстандын аскер кызматкерлери жана башкы командачылары Кыргыз Республикасынын жарандык калкына каршы аскердик кылмыштарды кылгандыгы учун тергөө ишин баштоо өтүнүчү менен кайрылуу (communication) жөнөттүм. Маалымат чогултууга жана кайрылууну жазууга жардам бергендердин баардыгына (алардын аттарын документте көрө аласыз) терең ыраазычылыгымды билдирем», – деп жазды ал.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 28-апрелде башталган. Ал күнү тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. 29-апрель күнү таңга маал ок атышуу учуру катталган. Ошол күнү кечинде эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери саат 20:00дөн тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышкан.
Жаңжалдын чыгышына Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгон.

Окуяда кыргыз тараптан 189 киши жаракат алып, 36 киши каза тапкан. Жаңжал чыккан аймактан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган. Тажик тарап бейрасмий түрдө 150дөн ашуун адам жаракат алып, 16га жакын адам өлгөнүн кабарлаган.

Комментарий жиберүү