Тажикстан келишимдерди бузуп, Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга кетти

Тажикстан келишимдерди бузуп, Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга кетти

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана Жер ресурсу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев Ош облусунун Чоң-Алай районуна жөнөп кетишти. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти. Эске салсак, тажик тарап делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюна өкмөттөр аралык делегациянын мурда жетишилген келишимдерин бузуу менен 4-июнда түнкү саат 03:00дөр чамасында КРнын аймагына 1000 метрге чейин кирүү менен Ош облусунун Чоң-Алай райнундагы Унжу-Булак жергесинде чек аранын такталбаган тилкесине…

Прочитайте больше

Маршруттук таксилердин иш таштоосуна байланыштуу 34 транспорттук компанияга айып пулс алынат

Маршруттук таксилердин иш таштоосуна байланыштуу 34 транспорттук компанияга айып пулс алынат

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосуна байланыштуу 34 автотранспорт ишканалары үчүн көрсөтмөлөр даярдалды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.31-майда Шаардык транспорт башкармалыгы укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардык кичи автобустардын каттамдарын тейлеген транспорттук компаниялардын жетекчилери менен жыйын өткөргөн. “Бардык көрүлгөн чараларга, түшүндүрүү иштерине карабастан, Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары 2-июнда каттамга чыгышкан жок. Транспорттук көзөмөл бөлүмүнүн инспекторлору 2-июнь күнү эртең мененки саат 7ден баштап айдоочулар менен маршруттардын акыркы пункттарында чогулуп жатышты. 34 автотранспорт ишканасына…

Прочитайте больше

Кыргызстандын жарандыгын берүүдөгү коррупцияга бөгөт коюлат

Кыргызстандын жарандыгын берүүдөгү коррупцияга бөгөт коюлат

Президенттин Администрациясынын Жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгы жарандарды сак болууга чакырат. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгы жарандык берүүгө байланыштуу маселелерде коррупциялык схемалар же коррупциялык көрүнүштөр боюнча фактылар болсо билдирип коюуну өтүнөт. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Акыркы учурларда жарандык берүү, жарандыкты калыбына келтирүү, КМШ өлкөлөрүнөн, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келгендерди туруктуу жашоо үчүн Кыргызстандын жарандыгына кабыл алууда ортомчулук менен алектенген жактар тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө, алдоолорго кабылган жарандардан даттануулар түшүп…

Прочитайте больше

Бердибек Жамгырчиев: «Бири-биринин канын соргон кайран кыргыз!». Таксисттер абалдан пайдаланып жатабы?

Бердибек Жамгырчиев: «Бири-биринин канын соргон кайран кыргыз!». Таксисттер абалдан пайдаланып жатабы?

Акын Бердибек Жамгырчиев таксисттерге нааразычылыгын билдирип, Instagram социалдык тармагындагы жеке баракчасына пост жарыялады. Бүгүн, 2-июнда Бишкек шаарындагы маршруттук таксилердин көбү каттамга чыккан эмес. Ошого байланыштуу такси кызматы жол кире акысын дароо жогорулаткан. Бул тууралуу маалыматты жүргүнчүлөрдүн бири билдирди. “Такси буюртма берүү мүмкүн эмес. Шлагбаумдан ЦУМга чейин 400 сомдон алышууда. Ошентип, 150 сом менен араң жеттим. Бул деген өтө көпкөндүк”,- деп билдирген жүргүнчүлөрдүн бири. Акын Бердибек Жамгырчиев бул боюнча өз оюн инстаграм социалдык тармактагы жеке баракчасына…

Прочитайте больше

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинде жол кирени көтөрүү маселеси каралат

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинде жол кирени көтөрүү маселеси каралат

Бишкек мэриясы тарифти көтөрүү маселесин шаардык кеңештин азыркы чакырылышындагы депутаттары менен чечип алууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Бишкектин транспорттук тармак боюнча вице-мэри Руслан Акылбеков маалымат жыйыны учурунда билдирди.Маалыматка ылайык, бүгүн, шаршемби күнү Бишкек шаарынын мэриясы шаардык кенешке жол кирени көтөрүү маселесин киргизет. Руслан Акылбеков муниципалитет учурда ташып жеткирүүчү фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тарифти жогорулатуу маселесин кароо үчүн шаардык кеңештин депутаттарын кезексиз жыйынга чогултууга аракет жасап жатканын билдирди. Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен борбор калаанын коомдук транспортунун…

Прочитайте больше

Бишкектеги №1 ашканасында 22 киши бризоль тамагына жапырт ууланды

Бишкектеги №1 ашканасында 22 киши бризоль тамагына жапырт ууланды

Бишкекте, Москва көчөсүндө жайгашкан №1 ашканасында адамдар тамакка жапырт ууланып, 22 киши ооруканага жаткырылды. Окуя 25-26-май күндөрү болгонун АКИpress агенттигине Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти. “Уулангандар ар кандай топтогу адамдар. Алар ашканада 25-26-май күндөрү болушкан. Бишкек шаарынын ооруканасына 13 адам, Токмоктогу ооруканага 9 адам жаткырылды. Бейтаптардын баары бул ашканадан “Бризоль” тамагын жешкенин айтышууда. Ашканага 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды, ошондой эле тергөө иштери учурунда ашкана убактылуу жабылды”, – деп билдиришти борбордон.

Прочитайте больше

УКМК Өмүрбек Бабановду кармады

УКМК Өмүрбек Бабановду кармады

“Кумтөр” долбоорун ишке ашырууда коррупциялык факты боюнча Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Мындан мурда маалымдалгандай, УКМК, Башкы прокуратура, КР Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоорду ар түрдүү этапта ишке ашырууда коррупциялык фактылар боюнча кылмыш ишин тергөөнү улантууда. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (“Коррупция”) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип…

Прочитайте больше

Ош жана Жалал-Абад шаарларынан Ысык-Көлгө түз авиакаттамдар ачылат

Ош жана Жалал-Абад шаарларынан Ысык-Көлгө түз авиакаттамдар ачылат

18-июндан тартып, “Тез Жет” авиакомпаниясы Ош – Ысык-Көл – Ош жана Жалал-Абад – Ысык-Көл – Жалал-Абад эки туруктуу каттамдарды ачууда. Ош жана Жалал-Абад шаарларынан Ысык–Көлгө түз авиакаттамдар ачыларын “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2021-жылы туристтик мезгилдин ачылышы менен “Ысык–Көл” аэропортуна Ош жана Жалал-Абад шаарларынан түз учууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Ош шаарынан каттамдар жумасына 3 ирет жүргүзүлөт (шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү). Ал эми Жалал-Абаддан каттамдар жумасына 2 ирет жүргүзүлөт (дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү)….

Прочитайте больше

Кыргызстан Тажикстанды блокадага камады

Кыргызстан Тажикстанды блокадага камады

Тажикстандын Кыргызстандын чек арасына куралдуу кол салып, согуштук абалга жеткиргенден кийин маалыматтык согушу башталган. Бирок азыр эки мамлекеттин ортосунда үчүнчү багыттагы тиреш күчөдү. КР Министрлер кабинети 2021-жылдын 21-майында атайын токтом чыгарып, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине жана алар кайсы бир убакытка чейин болушуна, ары-бери жүрүүсүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө да “убактылуу чектөө” киргизди. Ошентип 21-майдан тартып, Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын убактылуу толук жапты. Чек ара маселесинен чыккан чырдан кийин Кыргызстан өзүндө болгон…

Прочитайте больше

Баткенде Тажикстанды айланып өтүүчү жол курулууда

Баткенде Тажикстанды айланып өтүүчү жол курулууда

Президент Садыр Жапаров Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Баткен облусунун Баткен районундагы Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты. Аталган жолдун курулушунун негизги максаты — Баткен облусунун Ак-Сай айылына чейин Тажикстан Республикасынын аймагын айланып өтүүчү автожол каттамын камсыз кылуу. Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай жолунун узундугу 48 км. Азыркы учурда 7 км жолдун жумуштары башталып, ашуудагы тилкенин долбоордук-сметалык документациясы даярдалды. Мамлекет башчысы альтернативдик айланма жол катары стратегиялык мүнөзгө ээ болгон Ак-Сай айылына…

Прочитайте больше

Кыргызстан Уламалар Кеңешинин жаңы жетекчиси шайланды

Кыргызстан Уламалар Кеңешинин жаңы жетекчиси шайланды

Абдыманап Масалиев Кыргызстан Уламалар Кеңешинин жаңы жетекчиси болуп шайланды. Уламалар кеңешинин мүчөлөрү төрага Абибилла Кадырбердиевдин отставкасын кабыл алышып, анын ордуна Абдыманап Масалиевди  шайлашты.Белгилей кетсек,  27-майда Уламалар кеңеши жаңы муфтийди шайлашы керек болчу, бирок шайлоо кийинкиге жылдырылып, 26-июнга белгиленген. Эске салсак, Кыргызстандын муфтийлигине алты адам талапкерлгин койгон. Дагы экөөсүнө шайлоого катышууга уруксат берилген жок.Ошондой эле, аттестациялык комиссиянын мурунку курамы жоюлуп, шайланган комиссиянын жаңы мүчөлөрү кайрадан муфтийликке, ошондой эле Уламалар кеңешине талапкерлерден экзамен алаары белгилүү болду. Мусулмандардын Дин Башкармалыгынын Текшерүү…

Прочитайте больше

Түркия баткендиктер үчүн 100 үй куруп берет

Түркия баткендиктер үчүн 100 үй куруп берет

Баткендеги чек ара окуясында толук кыйратылган 136 үйдүн 100үн түрктөр жана калган 36сын жергиликтүү бизнесмендер курушаары белгилүү болду. “Баткендеги күйүп кеткен үйлөр Түркия өкмөтүнүн эсебинен калыбына келтирилет”- бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Түркия Баткен облусуна 100 үй салууну көздөп жатат. Белгилей кетсек, буга чейин Баткендеги жаңжал учурунда курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн 36 үй жергиликтүү ишкерлер тарабынан курулаары маалымдалган. Эске салсак, чек ара жаңжалынын натыйжасында Лейлек жана Баткен райондорунда 136 үй толугу…

Прочитайте больше

Балыкчы шаарына электромобиль автозаводу курулат

Балыкчы шаарына электромобиль автозаводу курулат

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарына электромобиль автозаводу курулат. Бул тууралуу Балыкчы шаардык мэриясынын Фейсбуктагы расмий баракчасында маалымдалды. Маалыматка караганда, 25-майда шаарга Түштүк Кореядан электромобиль автозаводун куруу боюнча инвесторлор келишкен. “Инвесторлорду мэрдин милдетин аткаруучу Азамат Арнабек уулу тосуп алды. Балыкчы шаары тогуз жолдун тоому болгондуктан, соода-экономикалык, темир жол жана автотранспорт байланыштарынын түйүнү экенин баса белгилеп, Кореядагы электр автомобиль куруу компаниясынын финансы бөлүмүнүн аткаруучу директору Ким Жи Цук, аткаруучу директору Ли Кен Дже, Пар Кен Хе жана башкы директору Ан Юн Жун менен баарлашты”, – деп айтылат…

Прочитайте больше

Москвада кыргыз мекендештер “Мавлид” өткөрүштү

Москвада кыргыз мекендештер “Мавлид” өткөрүштү

Ислам пайгамбарынын (с.а.в) туулган күнүнө карата “Мавлид ан- Набий” жөрөлгөсү Москванын 7000  кишилик “Сити хол” имаратында өктөрүлдү. Жөрөлгөдө Пайгамбарыбыздын (с.а.в) өмүрүн кайра карап чыгуу, инсандык баалулуктар жана адеп-ахлак жөнүндө баяндар окулду.Мавлидге Ислам таалимдерине кайдыгер карабаган Орусиядагы миңдеген мекендештер келип катышышты. Белгилей кетсек, аталган жөрөлгөгө КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүнбек Жусубалиев, муфтийдин милдетин убактылуу аткаруучу Жоробай Шергазыев, Ислам институнун ректору Абдышүкүр Нарматов, аалым Тариэл Абжалбеков, Дин иштери боюнча өкмөттүк комиссиясынын директору Медер Карыбаев жана Орусиянын муфтийи, Москвадагы ири мечиттин имамы Ильдар Аляутдинов чыгып Пайгамбарыбыздын өмүр…

Прочитайте больше

Сауд Арабиясындагы жардам сураган кыргыз аялдын үнү дипломаттарга жетти

Сауд Арабиясындагы жардам сураган кыргыз аялдын үнү дипломаттарга жетти

Сауд Арабиясында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыргызстандык аял Асел Дуванаевага жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу анын достору билдиришти.Белгилей кетсек, жабыркаган Аселге биринчилерден болуп Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчилиги жана анын досу Лариса Даниленко көмөктөшкөн.Аселдин кайрылуусунан кийин милиция Аселдин документтерин күйөөсүнөн талап кылган, ал ачууланып, кыйкырып, анан аргасыздан берген.Учурда ажырашуу процесси башталууда.  “Эми ажырашуу үчүн адвокатка акча чогултушубуз керек », – деди Лариса Даниленко. Эске салсак, буга чейин Сауд Аравиясында жашаган кыргызстандык аял Асел Дуванаева үй-бүлөлүк зомбулукка нааразы болуп, жардам сурап…

Прочитайте больше
1 19 20 21 22 23