Кыргызстан Тажикстанды блокадага камады

Тажикстандын Кыргызстандын чек арасына куралдуу кол салып, согуштук абалга жеткиргенден кийин маалыматтык согушу башталган.

Бирок азыр эки мамлекеттин ортосунда үчүнчү багыттагы тиреш күчөдү.

КР Министрлер кабинети 2021-жылдын 21-майында атайын токтом чыгарып, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине жана алар кайсы бир убакытка чейин болушуна, ары-бери жүрүүсүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө да “убактылуу чектөө” киргизди.

Ошентип 21-майдан тартып, Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын убактылуу толук жапты.

Чек ара маселесинен чыккан чырдан кийин Кыргызстан өзүндө болгон айрым рычагдарды колдоно баштады. Айталы, чек араларды толук жапкандан сырткары, контрабанданы токтотту. Мисалы, күйүүчү май, жашылча-жемиштер, азык-түлүктөр кан буугандай басылды. Аткезчиликти жарандык коом өкүлдөрү өздөрү да катуу көзөмөлгө алып жатышкандыктары маалым болду. Мындан улам Тажикстанда кымбатчылык күчөдү.

Кыргызстандын аймагына кирген тажикстандыктар кайтарылат

Орусияда Тажикстандын 2 млн.дой мигранты бар экени маалым. Алар Кыргызстанды транзит жол катары пайдаланып,  аэропорттор аркылуу дээрлик күн сайын Орусиянын түрдүү аймактарына учуп турушкан. Бирок атайын чектөөлөр киргенден кийин Тажикстанда көйгөй андан да көбөйдү.

Ушул жылдын 25-майында Тажикстандын “Сомон Эйр” авиакомпаниясы менен Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке учуп келген тажикстандык 177 жаран кайра артка жөнөтүлдү.

Мындан улам, Тажикстандын борборунун Эл аралык аэропортундагы жүздөгөн жүргүнчү нааразылыкка чыгышты. Кийин тажик бийлиги «Северный ветер» авиакомпанясына Дүйшөмбүдөн Орусияга бир нече авиакаттам жүргүзүүгө уруксат берди.

Аэропорттун басма сөз кызматы 27-майда билдиргендей, мурунку күнү Иркутск жана Казанга каттамдар учту. Ошол рейстердин жүргүнчүлөрү эмне үчүн каттамдар кечигип жатканын түшүндүрүүнү талап кылып, бир жумадан бери Орусияга уча албай жатканына нааразы болушкан. Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси маселени чечүүгө убада берген.

Өткөн аптада агенттик билеттин баасы өтө кымбат деп «Северный ветер» авиакомпаниясынын лицензиясын кайтарып алган болчу. Тажикстандан Орусияга туруктуу рейстер бир жылдан кийин, 1-апрелде жанданган.

Ал арада Орусиядан Кыргызстандын Ош шаарына учуп келген тажик жараны аэропортто кармалып турганы маалымдалды. Өлкөнүн “Манас” аба майданынын маалымат катчысы Алия Курбанова Орусиянын Сургут шаарынан Ошко учуп келген тажик жараны чек арада кармалып жатканын ырастады. Анын айтымында, алар Орусиядан депортация болушкан.

Тажик жараны Маргарита Расулова алты жаштагы небереси менен 25-майда Орусиядан Ошко учуп келгенин, үч күндөн бери Кыргызстандын аэропортунан чыга албай жатканын айтып, журналисттерге кайрылган.

“Тажикстан менен чек ара жабык деп жатышат. Бизди кайра Сургутка кетиришет экен. Бирок биздин документтерибиз Тажикстанга барганга гана жол берет. Орусия бизди кайра кабыл албайт. Ал жакка барганга каражатыбыз да жок. Акыркы акчабызды чогултуп, 38 миң рублге билет сатып алып мекенге кайтып келе жатканбыз. Орусиядагы аэропорттон Ошко барып, андан Тажикстанга кетсе болорун айтышкан. Бирок бизди кое бербей жатышат. Суу да беришкен жок. Сырттан нан сатып жейли десек да чыгарбай жатышат”.

Алия Курбанова Расулованын мындай маалыматын четке какты.

“Аэропортто ачка отурушат дегени жалган. Мага жеткен маалымат боюнча аларга “Авиатрафик” компаниясы каралашып жатат”,- деди Курбанова.

Тажикстандын жообу

Кыргызстандын бул аракеттерин Тажикстан сынга алып, өз жарандарын Кыргызстанга барбай же кошуна өлкө аркылуу каттабай турууга чакырды. Мындай чара Кыргызстан министрлер кабинетинин алдын ала айтпай туруп 21-майда токтом кабыл алгандыгына байланыштуу көрүлүп жатканын билдиришкен.

“Жеке адамдарга жана транспорттун бардык түрү менен жүргүнчү же жүк ташыган ишкерлерге Кыргызстандын аймагынан эмес, транзит үчүн үчүнчү өлкөлөр аркылуу өтчү маршруттарды колдонуу кеңеши берилет”,- деп айтылат Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүндө.

Министрлик ошондой эле Кыргызстандын аймагында укуктары бузулган жарандары үчүн атайын телефондор иштеп жатканын да билдирген.

Кыргызстан Тажикстанга көз каранды эмес

Мамлекеттер ортосундагы бири-бирине байланган көз карандылык дагы деле бар. Бул албетте, чек аранын толук чечиле электигинен. Мисалы, эки өлкө биринин аймагын бири транзит катары колдонуп келишет. Бул жаатта да кошуналарынын көзүн карабай,  Кыргызстан Тажикстанды айланып өтүүчү жол курууга киришкен. 28-майда Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы Миң-Булак – Чорго – Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты.

Аталган жолдун курулушунун негизги максаты — Баткен облусунун Ак-Сай айылына чейин Тажикстан Республикасынын аймагын айланып өтүүчү автожол каттамын камсыз кылуу.

Миң-Булак – Чорго – Ак-Сай жолунун узундугу 48 км. Азыркы учурда 7 км жолдун жумуштары башталып, ашуудагы тилкенин долбоордук-сметалык документациясы даярдалды. Бул жол Баткен районунун 17 айылынын тургундарынын Лейлек районунун Исфана шаарына бир топ кыска жол менен барышын камсыз кылат.

Тажикстан алапайын таппай турат

Буга чейин Тажикстан Жерге-Тал районундагы кыргыз паспорттор менен жүргөн жарандарды депортациялай баштаганы кабарланган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар Кыргызстандын маалымат каражаттарына айтып беришкен. Ал эми Кыргызстандын расмий бийлиги бул тууралуу кабардар экенин билдирип, маселе сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн жакынкы күндөрү министрликтер аралык кеңешме өткөрүүнү сунуштаган. Ал арада тажик бийлиги да расмий билдирүү таратып, мындай маалымат жалган экенин айткан.

Тажик бийлиги өздөрүнүн кыргыз тектүү жарандарына тымызын кысым көрсөтүп, кыргыз тилдүү мектептердин саны кыскарып, аларда тажик тилинде билим бериле баштаганы, райондогу кыргызча жер-суу аттарын тажикчеге которо баштаганы да коомчулуктун нааразылыгына алып барган.

Ал эми Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен Чоң-Алай районундагы тактала элек аймагына коңшу өлкөнүн аскердик техникасы кирип, окопторду казганы тууралуу интернеттеги социалдык тармактарда маалымат тарап, эл арасында кооптонуу башталганын Жогорку Кеңештин депутаты Аккул Бердиев айтып чыккан.

Бул боюнча УКМКнын Чек ара кызматы маалымат таратып, учурда мамлекеттик чек ара туруктуу экенин, эгер абал курчуп кете турган болсо, ыкчам жана адекваттуу жооп кайтаруу үчүн күч жана каражат жетиштүү экенин эскерткен.

Жыйынтык кандай?

Тажикстан Кыргызстанга көп жагынан көз каранды. Ошол эле суу, транзиттик жол, жашылча-жемиш, анклав. Керек болсо, аткезчиликти да Кыргызстан аркылуу жасап келишкен. Анткени Өзбекстан менен мамилеси жакшы болбогондуктан, Казакстан жана Орусияга, андан ары Европага да Кыргызстан аркылуу чыгат. Буга чейин Кыргыз Өкмөтү өзүндөгү рычагдарды колдонбой, кошунага кылган ак көңүлдүүлүк менен мамиле жасаганына карабай, Тажикстан Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын бузуп, өлкөнүн бүтүндүүлүгүнө шек келтиргенин саясий серепчилер айтып келишет.

Кошумчалай кетсек, кыргыз-тажик чек арасы толук тактала элек болгондуктан, ок атышууга чейин барган окуялар буга чейин да катталып келген. 2021-жылдын 28-29-30-апрелинде жана 1-майда суу үчүн болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 200дөй киши жараат алды. 100дөн ашык үй өрттөлүп, талкаланды. 60 миңдей адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду. Ал эми тажик тараптан 19 адам набыт болгону кабарланган. Эки өлкө бул үчүн бирин-бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

А. Каракозуев.

Комментарий жиберүү