Түркия баткендиктер үчүн 100 үй куруп берет

Баткендеги чек ара окуясында толук кыйратылган 136 үйдүн 100үн түрктөр жана калган 36сын жергиликтүү бизнесмендер курушаары белгилүү болду.

“Баткендеги күйүп кеткен үйлөр Түркия өкмөтүнүн эсебинен калыбына келтирилет”- бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Түркия Баткен облусуна 100 үй салууну көздөп жатат. Белгилей кетсек, буга чейин Баткендеги жаңжал учурунда курман болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн 36 үй жергиликтүү ишкерлер тарабынан курулаары маалымдалган.

Эске салсак, чек ара жаңжалынын натыйжасында Лейлек жана Баткен райондорунда 136 үй толугу менен талкаланган.

Ошондой эле 190 кыргыз жараны жаракат алып, 36 адам каза болду, анын ичинде балдар бар. Окуя болгон жерден 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Комментарий жиберүү