Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинде жол кирени көтөрүү маселеси каралат

Бишкек мэриясы тарифти көтөрүү маселесин шаардык кеңештин азыркы чакырылышындагы депутаттары менен чечип алууга аракет кылып жатат.

Бул тууралуу Бишкектин транспорттук тармак боюнча вице-мэри Руслан Акылбеков маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, шаршемби күнү Бишкек шаарынын мэриясы шаардык кенешке жол кирени көтөрүү маселесин киргизет.

Руслан Акылбеков муниципалитет учурда ташып жеткирүүчү фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тарифти жогорулатуу маселесин кароо үчүн шаардык кеңештин депутаттарын кезексиз жыйынга чогултууга аракет жасап жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен борбор калаанын коомдук транспортунун айдоочулары жумушка чыгышкан эмес.
Жүргүнчү ташыган кичи автобустардын айдоочулары шаардык кеңеш менен мэрия жол кире акысын жогорулатпай жатканына нааразычылык билдиришип, жол кирени 20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышууда.

Комментарий жиберүү