Сауд Арабиясындагы жардам сураган кыргыз аялдын үнү дипломаттарга жетти

Сауд Арабиясында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыргызстандык аял Асел Дуванаевага жардам көрсөтүлдү.

Бул тууралуу анын достору билдиришти.
Белгилей кетсек, жабыркаган Аселге биринчилерден болуп Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчилиги жана анын досу Лариса Даниленко көмөктөшкөн.
Аселдин кайрылуусунан кийин милиция Аселдин документтерин күйөөсүнөн талап кылган, ал ачууланып, кыйкырып, анан аргасыздан берген.
Учурда ажырашуу процесси башталууда.

 “Эми ажырашуу үчүн адвокатка акча чогултушубуз керек », – деди Лариса Даниленко.

Эске салсак, буга чейин Сауд Аравиясында жашаган кыргызстандык аял Асел Дуванаева үй-бүлөлүк зомбулукка нааразы болуп, жардам сурап кайрылган видео социалдык тармактарда жарыяланган.

Комментарий жиберүү