Ош жана Жалал-Абад шаарларынан Ысык-Көлгө түз авиакаттамдар ачылат

18-июндан тартып, “Тез Жет” авиакомпаниясы Ош – Ысык-Көл – Ош жана Жалал-Абад – Ысык-Көл – Жалал-Абад эки туруктуу каттамдарды ачууда.

Ош жана Жалал-Абад шаарларынан Ысык–Көлгө түз авиакаттамдар ачыларын “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы туристтик мезгилдин ачылышы менен “Ысык–Көл” аэропортуна Ош жана Жалал-Абад шаарларынан түз учууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

Ош шаарынан каттамдар жумасына 3 ирет жүргүзүлөт (шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү).

Ал эми Жалал-Абаддан каттамдар жумасына 2 ирет жүргүзүлөт (дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү).

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК авиабилеттерди сатуу менен алектенбейт жана бааларды көзөмөлдөп, ага таасир тийгизе албайт.

Ошондой эле авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы финансылык карым-катнашка кийлигишпейт.

Комментарий жиберүү