Бердибек Жамгырчиев: «Бири-биринин канын соргон кайран кыргыз!». Таксисттер абалдан пайдаланып жатабы?

Акын Бердибек Жамгырчиев таксисттерге нааразычылыгын билдирип, Instagram социалдык тармагындагы жеке баракчасына пост жарыялады.

Бүгүн, 2-июнда Бишкек шаарындагы маршруттук таксилердин көбү каттамга чыккан эмес. Ошого байланыштуу такси кызматы жол кире акысын дароо жогорулаткан. Бул тууралуу маалыматты жүргүнчүлөрдүн бири билдирди.

“Такси буюртма берүү мүмкүн эмес. Шлагбаумдан ЦУМга чейин 400 сомдон алышууда. Ошентип, 150 сом менен араң жеттим. Бул деген өтө көпкөндүк”,- деп билдирген жүргүнчүлөрдүн бири.

Акын Бердибек Жамгырчиев бул боюнча өз оюн инстаграм социалдык тармактагы жеке баракчасына “Айдоочулар иш таштаса таксисттери эдиреңдеп эки эсе кымбат айтып турган кайран Кыргыз.. Бири-биринин канын соргон кайран Кыргыз..” деп пост калтырган.

Комментарий жиберүү