Балыкчы шаарына электромобиль автозаводу курулат

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарына электромобиль автозаводу курулат.

Бул тууралуу Балыкчы шаардык мэриясынын Фейсбуктагы расмий баракчасында маалымдалды.

Маалыматка караганда, 25-майда шаарга Түштүк Кореядан электромобиль автозаводун куруу боюнча инвесторлор келишкен.

“Инвесторлорду мэрдин милдетин аткаруучу Азамат Арнабек уулу тосуп алды. Балыкчы шаары тогуз жолдун тоому болгондуктан, соода-экономикалык, темир жол жана автотранспорт байланыштарынын түйүнү экенин баса белгилеп, Кореядагы электр автомобиль куруу компаниясынын финансы бөлүмүнүн аткаруучу директору Ким Жи Цук, аткаруучу директору Ли Кен ДжеПар Кен Хе жана башкы директору Ан Юн Жун менен баарлашты”, – деп айтылат маалыматта.

Инвесторлор электр автомобилдерди 10 жылдык кепилдик менен чыгарышмакчы.

Ошондой эле заводду куруу, кийин автомобиль чыгаруу иштерине Балыкчы шаарынын жергиликтүү жашоочулары атайын даярдыктан өтүп иштешмекчи.

Завод 3 этап менен иш алып барат. Биринчи этапта 65 миң, экинчи этапта 300 миңден ашуун автомобилдердин чакан жана “Минивен” сыяктуу түрлөрүн чыгарышат.

Ошондой эле маалыматта электр автомобилдер экологияга терс таасирин тийгизбейт жана электр тармактары жыш жайгашкан жерлерде батареялык энергия алуучу түйүндөрү түзүлөрү, алгач автотетиктер чет өлкөлөрдөн алынып, кийин Балыкчыда жасалаары айтылды.

Комментарий жиберүү