Бишкектеги №1 ашканасында 22 киши бризоль тамагына жапырт ууланды

Бишкекте, Москва көчөсүндө жайгашкан №1 ашканасында адамдар тамакка жапырт ууланып, 22 киши ооруканага жаткырылды.

Окуя 25-26-май күндөрү болгонун АКИpress агенттигине Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.

“Уулангандар ар кандай топтогу адамдар. Алар ашканада 25-26-май күндөрү болушкан. Бишкек шаарынын ооруканасына 13 адам, Токмоктогу ооруканага 9 адам жаткырылды.

Бейтаптардын баары бул ашканадан “Бризоль” тамагын жешкенин айтышууда. Ашканага 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды, ошондой эле тергөө иштери учурунда ашкана убактылуу жабылды”, – деп билдиришти борбордон.

Комментарий жиберүү