Москвада кыргыз мекендештер “Мавлид” өткөрүштү

Ислам пайгамбарынын (с.а.в) туулган күнүнө карата “Мавлид ан- Набий” жөрөлгөсү Москванын 7000  кишилик “Сити хол” имаратында өктөрүлдү.

Жөрөлгөдө Пайгамбарыбыздын (с.а.в) өмүрүн кайра карап чыгуу, инсандык баалулуктар жана адеп-ахлак жөнүндө баяндар окулду.
Мавлидге Ислам таалимдерине кайдыгер карабаган Орусиядагы миңдеген мекендештер келип катышышты.

Белгилей кетсек, аталган жөрөлгөгө КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүнбек Жусубалиев, муфтийдин милдетин убактылуу аткаруучу Жоробай Шергазыев, Ислам институнун ректору Абдышүкүр Нарматов, аалым Тариэл Абжалбеков, Дин иштери боюнча өкмөттүк комиссиясынын директору Медер Карыбаев жана Орусиянын муфтийи, Москвадагы ири мечиттин имамы Ильдар Аляутдинов чыгып Пайгамбарыбыздын өмүр баянынан үзүндү, жашоо баасы жана ата-энеге урмат-сый тууралуу Ислам таалимдеринен баян айтышты.

Эске салсак, “Мавлид ан-Набий” жыл сайын Москвада кыргызстандык мекендештердин катышуусунда өткөрүлөт. Диний иш чаранын катышуучуларынын айтымында, ушуга окшош жөрөлгөлөрдөгү адеп-ахлак темасындагы баяндар адам баласыныны руханий азыгын камсыздап, туура жашоого дем берет.

Ошондой эле программанын алкагында “Мигранттар” театрынын оюнчулары аркылуу учурдагы көйгөйлөргө арналган кыска театр сахналары көрсөтүлүп, катышуучулардын айрым суроолоруна аалымдар аркылуу жооп берүүлөр болуп жана ата-эне, мекен тууралуу ырлар ырдалды.

Комментарий жиберүү