Маршруттук таксилердин иш таштоосуна байланыштуу 34 транспорттук компанияга айып пулс алынат

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосуна байланыштуу 34 автотранспорт ишканалары үчүн көрсөтмөлөр даярдалды.

Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
31-майда Шаардык транспорт башкармалыгы укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардык кичи автобустардын каттамдарын тейлеген транспорттук компаниялардын жетекчилери менен жыйын өткөргөн.

“Бардык көрүлгөн чараларга, түшүндүрүү иштерине карабастан, Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары 2-июнда каттамга чыгышкан жок. Транспорттук көзөмөл бөлүмүнүн инспекторлору 2-июнь күнү эртең мененки саат 7ден баштап айдоочулар менен маршруттардын акыркы пункттарында чогулуп жатышты. 34 автотранспорт ишканасына көрсөтмөлөр даярдалып, бүгүн тапшырылды. “Восточный Экспресс” жана “Узар-Вест” ЖККсына карата Кыргыз Республикасынын мыйзам бузуулар жөнүндө Кодексинин 18чи жана 293чү статьяларга ылайык протоколдор түзүлөт жана ар бирине 130 эсептик көрсөткүч (13000 сом) өлчөмүндө айып пул салынат”, – деп билдирди Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы.

Ошондой эле, учурда Бишкек шаардык мэриясынын автотранспорт агенттигинин кызматкерлери борбордо жүргүнчүлөрдү ташууну калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын кошумчалады.

Бишкекте 2009-жылдан бери борбор калаанын маршруттары боюнча конкурстарды өткөрүү жобосуна байланыштуу бир дагы конкурс өткөрүлгөн эмес. 2012-жылы бардык шаардык каттамдардын келишимдеринин мөөнөтү аяктаган.

Комментарий жиберүү