Бишкекке 1-июлга чейин газ менен жүргөн автобустардын алгачкы партиясы келет

Бүгүн, 4-июнда Бишкек мэриясында ISUZU маркасындагы япониялык автобустарды алуу боюнча келишим түзүлдү.

Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, келишимге Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Э. Унукуев менен “Эко Пассажирские перевозки” жеткирүү компаниясынын директору К. Усубаматов кол койду.

Эскерте кетсек, 11-майда Бишкек мэриясы менен “Эко Пассажирские перевозки” компаниясы ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.

Ага ылайык, “Эко Пассажирские Перевозки” компаниясы ушул жылдын ичинде газ менен жүрө турган япониялык Isuzu үлгүсүндөгү 350 автобусун алып келип, каттамга чыгармак.

Келишимде айтылгандай, автобустун биринчи партиясы 1-июлга чейин каттамга чыгышы керек.

Белгилей кетсек, Бишкекте жүргүнчү ташыган машруткалардын айдоочулары үч күндөн бери ишке чыкпай жатышат. Алар шаар бийлигинен жол кирени 15 сомго кымбаттатууну талап кылышууда.

Учурда шаар тургундарын автобус, троллейбустар ошондой эле “Манас” эл аралык аэропорту, ИИМ жана “Дордой” ассоциациясы тарабынан убактылуу берилген акысыз автобустар ташып жатат.

Комментарий жиберүү