Кыргызстандын калкы 70% айлыгын азык-түлүккө жумшашат

БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстанда 2 млн. тургун жакырчылыкта жашай тургандыгын жарыялады.

Кыргызстанда 2 млн. жаран өз кирешелеринин 70%ын тамак-ашка жумшашат. Бул тууралуу  14-июнда Бишкекте өткөн азык-түлүк тутумдары боюнча саммитте БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Андреа Багноли билдирди.
“Кыргызстанда 2 миллионго жакын адам жакырчылыкта жашайт жана алар жалпы кирешенин 70%га чейинкисин тамак-ашка сарпташат”, – деди ал.
Ал эми Улуттук статистика комитетинин отчету боюнча, Кыргызстанда 2020-жылы 1 млн. 678 миң адам жакырчылыктын чегинде жашашкан, анын 73,7 %ы айылдык калктуу конуштардын жашоочулары.

Комментарий жиберүү