Ыңгайлуу жана заманбап: Бишкекке ISUZU маркасындагы 21 автобус келди

Бишкекке Өзбекстандан жаңы автобустардын биринчи партиясы келди, алар шаардыктарды тейлет.

Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Ал жалпы 50 автобустун келүүсү күтүлүп жатканын белгиледи.

“Азыр бизге Өзбекстандан ISUZU маркасындагы 21 автобус келди. Калган 29у бир жуманын ичинде келет. Бул долбоор КР инвестиция министрлиги менен биргеликте ишке ашканын белгилеп кетким келет”, – деди мэрдин милдетин аткаруучу.

Кудайбергенов бул автобустар ыңгайлуу жана заманбап экенин белгиледи.

“Биз аларды шаардын борборун тейлеген линияга чыгарууну пландап жатабыз. Ошону менен шаардын борбордук көчөлөрүндөгү тыгынды азайтууну көздөйбүз”,-деди ал.

Комментарий жиберүү