Кыргызстанда коронавирустан дарыланып жаткан 99 бейтап өтө оор абалда

Республика боюнча стационарларда 1 765 бейтап дарыланып жатат.

Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, стационарларда дарыланып жаткан 33 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 1137 бейтап орто оор абалда, 496 оор, 99у өтө оор абалда. Ошондой эле  амбулатордук дарыланууда 2016 бейтап бар.

Кыргызстанда 8-июнга карата коронавирус дагы 379 адамдан аныкталып, жалпы ооругандардын саны 107 714кө жетти.

Бир сутка ичинде 311 адам коронавирустан айыгып, жалпы сакайгандардын саны 101 033кө жетти.

Ошондой эле сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 7 бейтап каза болуп, пандемия башталгандан бери өлкө боюнча жалпы 1859 адам каза тапты.

Комментарий жиберүү