Бишкектин мечиттеринде жума намаз окууга болот

КМДБ 11-июндан тарта Бишкек мечитеринде жума намаз окууга уруксат берди.

 Муфтияттын айтымында, жума намаз окуу жөрөлгөсү бардык санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди так сактоо менен жүргүзүлүшү керек.
Белгилей кетсек, намазга келгендерге маска кийүү, намаз окуй турган жайларды дезинфекциялоо, келгендердин баарынын температурасын өлчөө, 1,5 метр аралыкты сактоо, кол алышып кучакташпоо,  ар ким өзүнүн жайнамазын алып келүү шарттары коюлган.
Ошондой эле ооруп жаткан адамга мечитке кирүүгө уруксат берилбейт.
Эске салсак, мурдараак Бишкекте эпидемиялык абал күчөгөндөн улам мечиттерде жума намаз окууга убактылуу тыюу салынган.

Комментарий жиберүү