Кыргызстанда төрөлгөн балдардын дээрлик жарымынын аталары жок

Статистика боюнча Кыргызстанда төрөлгөн ымыркайлардын төрттөн бир бөлүгү расмий никеге катталбаган үй-бүлөлөрдүн балдары болсо, 49% балдардын энелери тараптан гана катталууга арыз берилген.

Бул көрсөткүч төрөлгөн балдардын 49%ынын аталары жок дегенди туюндурат. Мындан тышкары акыркы 5 жылда үйлөнүү 10%га чейин кыскарып, ажырашуу 19%га жогорулаган. Ал эми ажырашуу боюнча өлкөнүн региондорунда Бишкек алдыңкы орунда турары бегилүү.

Белгилей кетсек, ажырашуулар да, балдарын жалгыз баккан ата-энелер да 90-жылдардагы үй-бүлөлүк зомбулукка жол берген үй-бүлөлөрдүн балдары.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук дагы деле өсүүдө, аларга олуттуу чара көрүлө турган чечим мыйзамдар иш жүзүндө аткарылбай келет.
Буга кошумча ата-энелерин карылар үйүнө бергендердин саны да көбөйгөн.

Ошондой эле 2030-жылга Кыргызстандын калкы картайа башташына ыктымал берилет.

Комментарий жиберүү