Кыргызстанда шаардык жапыз автобустар кураштырылып чыга баштайт

Жакын арада Чүй облусундагы заводдо электр жана электрогибрид шаардык жапыз автобустарды кураштырып өндүрүп баштоо пландаштырылууда.

Бул туурасында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов  Чүй облусунун бир катар өнөр-жай ишканаларын кыдыруу учурунда маалым болду.

“Жакын арада завод электр жана электрогибрид шаардык жапыз автобустарды кураштырып өндүрүп баштоону пландаштырууда. Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэриясына аталган автобустарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады”, – деп айтылат өкмөттүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле эл аралык стандарттардын талабына жооп берген металлдан, чоюндан, болоттон жана жана жүк ташуучу чиркегичтерден буюмдарды чыгаруучу заводдун иши менен таанышты.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы 2019-жылдын соңунан тарта токтоп турган мунайды кайра иштетүүчү «Джунда» заводунун абалы менен таанышты.

Тармактык мамлекеттик органдарга ишкананы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына карата ишке берүүгө көмөк көрсөтүүсү тапшырылды.

Комментарий жиберүү