Маршрут айдоочулары жол киренин көтөрүлүшүн эмнеге күтүшкөн жок?

Өткөн аптада иш ташташкан маршрут айдоочулары талаптарынын канааттандырылуусун күтпөстөн бүгүнтөн баштап жумушка чыгышты.

Белгилей кетсек, 2-июнда жол кирени 10 сомдон 15-20 сомго чейин көтөрүүгө талап коюп, жалпы иш ташташкан маршрут айдоочулары жол кирени көтөрүү чечимин күтпөстөн кайра жумушка чыгышкан.
Буга себеп, азыр бийлик Чоң-Алайдагы чек ара маселесине көңүл буруп, айдоочулардын талаптарына жооп бербей жатышканы деп айтылууда.
Айдоочулардын айтымында, алар дагы сентябрь айына чейин бийликке убакыт берип күтүшмөкчү. Берилген маалыматтарга караштуу, иш ташталгандан бүгүнкү күнгө чейин айрым маршрут айдоочулары ишин милициянын көзмөлүндө улантышса, айрымдары өз алдынча 15 сом деп тарифти көтөрүп алып иштеп жүрүшкөн.
 Айдоочулардын мындай иш таштоолору биринчи жолу эмес, ошентсе да бул ирет коомчулуктун талкуусуна кеңири кабылып, айрымдары жаңы тариф 15 сомго макул болушса, айрымдары жаңы автобустардын келишин күтөбүз деген үмүттө экенин билдиришкен.

Комментарий жиберүү