Кыргызстанда сабиздин кымбатташына Тажикстандын тиешеси барбы?

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу сабиздин баасы 100 сомго жетип, андан да ашып кетти.

Буга эмне себеп болду? Сабиз мурда Тажикстандан келип, учурда чек ара жабылгандан улам кымбаттадыбы?
Акыркы апталарда сабиздин баасы 50-60 сомдон болуп, учурда 100сомдон ашып кеткени белгилүү.
Сабиз эле эмес, кызылча, картошканын баалары да жогору. Дыйкандар мунун себебин коңушу өлкөлөргө, Орусияга экспорттолуп жатканын айтышууда.
Айрым жашылчалардын кымбатташы, “ашыкча” экспорттон экени да күмөн. Бир четинен жашылчылардын аздыгынан пайдаланып, ортодо бааны атайын жогорулатып жибериши да мүмкүн. Тилекке каршы Кыргызстанда продукцияныны бааларын, айрыкча дыйкандардын арасында текшерүүгө алган орган иштебейт.
Сатуучулар каалаган бааны коюшат, алар сабиздин жетишсиздиги бар экендигин, балким, жакын арада таптакыр болбой калаарын шылтоолошот.
Башка соодагерлер сабиздин жетишсиздигин жана баасын Тажикстан менен болгон чыр-чатакка байланыштырышат.
Алардын айтымында, мурдагы жылдары соодагерлер Тажикстандан жаңы казылган сабиздерди сатышчу, анткени ал жакта эрте бышат. Бирок азыр чек аралар жабык жана товарлар импорттолбой жатат.
Ал эми жергиликтүү сабиздер быша элек болгондуктан, алар базарда жок. Жергиликтүү сабиз бышкан соң, баасы төмөндөйт.
 Сатуучулар картошка Орусияга дагы экспорттолгонун айтышат.
Эски картошка сатылып бүтүп, базарда эски картошканын жоктугуна байланыштуу калктын даттануулары быйыл түшүм аз болгондугу менен түшүндүрүлөт. Пандемиядан улам дыйкандар керектүү көлөмдү отургуза алышкан жок, ошол себептен картошканын кору тез эле түгөндү.
Ошол эле учурда Бишкектеги айрым жашылчалардын баалары менен Дүйшөбүдөгү бааларды салыштыра келсек, Тажикстанда баа арзаныраак экенин аныктайбыз. Мисалы, Бишкекте сабиздин 1 килинин баасы 70 сомдон 100 сомго чейин болсо, Дүйшөмбүдө 60 эле сом. Картөшкө бизде 55-65 сом болсо, ал жакта 28-37 сомдон эле турат. Бишкекте  помидор 50-80 сом болсо, Дүйшөмбүнүн баасы 22-35 эле сомго жетет. Ошондой эле жумуртканын баасы дагы Бишкекте кымбат экенин баамдайбыз, мисалы, 10 даана жумуртка 65 сомдон көлөмүнө жараша 110 сомго чейин сатылса, ал жакта 72 эле сом.
Бир четинен быйыл кокон гиляска мол жыл болуп, базарларда арбын сатылып, баасы да жеткиликтүү. Бул жемиш 50 сомдон 120 сомго чейин сатылууда.
Кыргызстанда жашылча-жемиштердин баасын ким көзөмөлдөйт? Ар жылы бир продук өтө кымбаттап, бири өтө арзандап турат. Мындай теңсиздик айрым дыйкандарды сүйүнтсө, айрымдарын чыгымдарга учуратат. Дыйкандардын эмгектери качан колдоого алынат? Же болбосо, жашылча-жемиштердин баалары качан көзөмөлгө алынат? Албетте, мындай чечим-чараларга биздин өкмөт даяр эместиги маалым.
Ал эми айрым башка өнүккөн өлкөлөрдү алып көрсөк, жашылча-жемиштердин баалары бир калыпта,  тагыраак айтканда кышында “асмандын башы” болуп, жайында “ит бекер” болуп кетпейт. Мындай калып дыйкандарга да, кардарларга да ыңгайлуу. Мунун себеби алардын өкмөттөрүндө “базарды көзөмөлдөө”, “дыйкандарга колдоо көрсөтүү” стратегиясы иштейт.Теги: 

Комментарий жиберүү