Куудул Рахман Разыков дүйнө салды

Разыков пневмонияга чалдыгып ооруканада дарыланып жаткан.

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү куудул жана сатирик Рахман Разыков дүйнөдөн кайтты.

Жакындарынын айтуусу боюнча ал 6-июндан 7сине караган түнү дүйнө салган.

Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу райо¬нунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында төрөлгөн. “Таң жылдызы” , “Бешилик” жана “Беш кемпир” топторун түзүп, чоң сахнага алып чыккан.

Комментарий жиберүү