COVID-19: 10 өлүм катталды, 1000ден ашык бейтаптын абалы оор

Бүгүн, 29-июнга карата коронавирус боюнча жаңы 1092 учур катталды.

Бул тууралуу COVID-19 боюнча Республикалык штабдан билдиришти.
Бир сутка ичинде илдеттен 10 адам каза тапты. Пандемия башталгандан бери коронавирустан курман болгондордун расмий катталган саны 2000ге чамалап калды.
Ал эми илдетти жуктургандардын жалпы расмий саны 123 038 адамга жетти. Учурда стационарда 3209 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 140 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда жана дагы 1000ге жакын адам оор абалда жатышат. Жалпы 123 038 учурдун 109 511и илдеттен сакайышкан.
Мындан тышкары, Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну башталгандан бери медицина кызматкерлеринин ичинде дагы вирус жуктургандар көбөйдү. Акыркы суткада 27 учур катталды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 5369 учур катталды, алардын ичинен 4867 медкызматкер сакайды.

Комментарий жиберүү