Аптаптуу ысыкта эмне ичкенге болбойт? ДССУдан сунуш

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аптаптуу ысыкта алкоголдук ичимдиктерди, кофеин жана кант кошулган суусундуктарды ичүүдөн баш тартууну сунуштайт.

Бул тууралуу ДССУнун өкүлү Тарик Язаревич брифингде билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Аталган уюм адамдарды ысыктан оолак болуп, салкын жерде баш калкалап, суусундукту көбүрөөк ичүүгө чакырып, “Эгерде баш айланып баштаса дароо дарыгерге кайрылыңыздар. Анан суусундук дегенде бир гана суу ичүү керектигин белгилейбиз. Алкоголдон такыр баш тартып, кофеин менен кант кошулган сууларды көп ичпөө сунушталат”, – деп билдирди.
ДССУнун билдирүүсүндө Канадада күндүн ысыгы 49,6 градуска чейин жетип жатканы баса белгиленип өттү.
Эскерте кетсек, Канадада болуп көрбөгөндөй ысыктан 500дөй адам каза тапкан. Метеорологдор 29-июнда өлкөнүн айрым аймактарында абанын температурасы 49,5 градусту көрсөткөнүн катташкан.
Кыргызстанда дагы келээрки аптада күн катуу ысып, түштүк региондордо 41 градуска чейин жетери эскертилди.

Комментарий жиберүү