Армения менен Азербайжандын чек арасында кырдаал кайрадан курчуп, согуштук аракеттер Москванын кийлигишүүсү менен токтоду

Армения менен Азербайжандын чек арасында кайрадан согуштук аракеттер болду.

Өлкөлөр бири-бирин провокацияга айыпташты. Ереван бир армян аскери мерт болгонун кабарлады, Баку тараптан  жабыркагандар тууралуу маалыматтар жок.

16-ноябрда Армения менен Азербайжандын чек арасында болгон куралдуу кагылышуудан кийин эки тарап тең ок атышууну токтотууга макул болушту. Келишим Орусиянын ортомчулугу менен жетишилгенин Еревандын Коргоо министрлигинен билдиришти.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Азербайжан менен Армениянын аскер ведомстволорунун жетекчилеринин катышуусунда өткөн телефондук сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкөнүн чек арасындагы согуштук аракеттер токтогонун билдирди.

Буга чейин Франциянын Тышкы иштер министрлиги өлкөлөр ортосундагы чек арадагы кырдаалдын курчушуна тынчсыздануусун билдирип, Баку менен Ереванды 2020-жылдын ноябрында Москвада кол коюлган тынчтык келишиминин шарттарын сактоого чакырган. Париж тараптарды жаңжалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга чакырган.

16-ноябрда Армения менен Азербайжандын чек арасында согуштук аракеттер кайрадан  башталгандан кийин тараптар бири-бирин чагымчылдыкка айыпташкан. Ереван  жаңжалды жөнгө салууга Орусиядан жардам сурап кайрылган.

Армения менен Азербайжандын ортосундагы салгылашуу Тоолуу Карабакта 44 күнгө созулган согуш аяктагандан бир жылдан кийин кайра жанданды. Чыр-чатакты токтотуу боюнча келишимге 2020-жылдын 10-ноябрында Орусиянын ортомчулугу менен кол коюлган. Натыйжада өзүн-өзү жарыялаган Тоолуу Карабак Республикасынын олуттуу бөлүгү Азербайжанга өткөн.

Комментарий жиберүү