Ашраф Гани Ооганстандын казынасынан 169 млн. доллар уурдап кеткен

Ооганстандан качып кеткен президент Ашраф Гани казынадан 169 млн. долларды уурдай качкан.

 Бул тууралуу Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мухаммад Зохир Агбар Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Ганинин качып кетиши “мамлекетке жана улутка чыккынчылык” болуп саналат.
 Мындан тышкары, Агбар Ашраф Ганини камакка алуу өтүнүчү менен эл аралык сотко берүү үчүн Интерполго кайрылууга ниети бар экенин айтты.
Белгилей кетсек, 18-августта Ашраф Гани БАЭнин борбору Абу-Дабиде экени кабарланган. Ал эми, мындан мурда ал Өзбекстан аркылуу Оманга учуп кеткени маалымдалган. Ашраф Гани “Фейсбук” баракчасында өлкөдө кан төгүүнү алдын алуу үчүн кызматтан кеткенин айткан.
Эске салсак, президент Ооганстандан качып кеткенден кийин Талибан согушкерлери Кабулду колго алып, анын ичинде президенттик сарайды басып алган. Учурда “Талибан” Ооганстан Ислам Эмиратынын түзүлгөндүгүн жарыялоого ниеттенүүдө. Бул 1996-2001-жылдары талиптердин көзөмөлүндөгү жарым-жартылай таанылган мамлекеттин аты болчу.

Комментарий жиберүү