«Бишкек инвестициялык саммити» эл аралык деңгээлде өттү

 Кечээ,  8-декабрда Бишкекте  ишин баштаган инвестициялык саммиттин  биринчи күнүндө ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү бизнес рынокту өнүктүрүү маселелери козголду.

Аталган саммитте Борбор Азиядагы мамлекеттер арасындагы болуп өткөн масштабдуу деңгээлдеги биржа коомуна коңшу мамлекеттер Казакстан, Россия, Монголия өлкөлөрү өзүнүн долбоорлору менен тааныштырышты.

Кыргыз долбоор биржасынын президенти Медет Назаралиев өз сөзүндө саммиттин алкагында биржадагы катышуучулардын арасында келишимдер түзүлүп, мамлекеттер арасында кызыккан инвесторлордун баары Кыргызстанга келишкенин, мындан тышкары коңшу мамлекеттердин арасында 100дөн ашуун келишимге кол коюлуп, бүгүнкү күндө кол коюлган келишимдердин баары кийинки жылы сөзсүз түрдө ишке ашаарына үмүт артарын билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров саммитте Кыргызстан 32 мамлекет менен инвестицияны коргоо боюнча келишимдерге кол койгонун, алардын Жогорку Кеңеште ратификацияланышы күтүлүп жатканын билдирди.

Иш-чарда пленардык отуруш да өтүп, Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев өз оюн төмөндөгүчө билдирди.

«Иш чарада 1000ден ашуун жаран саммиттке катышты. Коноктордун көбү экономикабыздын өсүшүнө, өнөктөш жана ЕАЭБ өлкөлөрдүн арасындагы тыгыз байланышта болууга чоң салымын кошушканы айтылды. Сүйлөшүү учурунда маанилүү маселелер козголуп, глобалдык санариптештирүү, транспорт маселелеринин перспективдүү өнүгүшү, билим берүү технологиясын инновациялоо, чоң жана кичи бизнестер боюнча тажрыйбаны кеңейтүү жана башкалар каралып чыкты.  2022 жылдын акыркы 10 айында биздин мамлекетке инвестициялык капитал түптөлүп киреше 101% болду. КМШдан тышкары 493,136 млн. доллар Канада, Кытай, Түркия, Нидерланды жана Улуу Британия өлкөлөрүнөн келди”, – деп билдирди ал.

Саммиттин алкагында ошондой эле “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы, “Россия экспорт борбору” ААК жана “РЖД Интернэшнл” ЖЧКсынын ортосунда Кыргызстанда “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” темир жол линиясын куруу долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө үч тараптуу меморандумга кол коюлду.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы бул меморандум КР аймагында “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” темир жол линиясын курулуш долбоорун этап-этабы менен биргелешип ишке ашыруунун мындан аркы мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө үчүн тараптардын кызматташуусунун негизги багыттарын, формаларын жана шарттарын аныктай турганын билдирди.

Комментарий жиберүү