БУУ Йемендеги ички миграция тууралуу жарыялады

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык иштер боюнча координациялык кеңсесинин жазуу түрүндөгү жарыясында Йемен өкмөтү жана союздаш күчтөрдүн Худейда провинциясынын айланасындагы позицияларын таштап кеткени белгиленди.

Жума күндөн бери Йемендин Худейда провинциясында 6200 адам ички миграциядан улам өз жерин таштап кетүүгө аргасыз болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык иштер боюнча координациялык кеңсесинин жазуу түрүндөгү жарыясында Йемен өкмөтү жана союздаш күчтөрдүн Худейда провинциясынын айланасындагы позицияларын таштап кеткени белгиленди.

Билдирүүдө Дурейхими, Бейт ал-Факих аймактары менен Тухайта шаарчасын кармаган күчтөрдүн бул аймактардан чыгып, Худейдеден 90 чакырым түштүктөгү Хуха аймагына жайгаштырылганы белгиленди.

БУУнун кеңсесинин билдирүүсүндө аймактан алынган маалыматка караганда хусилердин эвакуацияланган аймактарды басып алганы, бирок өкмөттүк күчтөрдүн хусилерге каршы айыгышкан күрөшүн улантканы билдирилди.

Бул окуялардан кийин өткөн жума күндөн бери аймактан болжол менен 4900 кишиден турган 700 үй-бүлөнүн Хуха аймагына, болжол менен 1300 кишиден турган 184 үй-бүлөнүн Худейданын түштүгүндөгү аль-Муха аймагына көчүүгө мажбур болгону жарыяланды. Хуха аймагына жаңы көчүп келүүлөрдөн улам 300 чатырлуу жаңы лагердин зонасы түзүлгөндүгү билдирилди.

Белгиленген аймактарды эвакуациялаган куралдуу күчтөрдүн Йемен өкмөтү менен союздаш, бирок Йемендин Коргоо министрлигине байланышы болбогон Бириккен Араб Эмирликтери тарабынан колдоого алынган куралдуу топтордон турганы белгиленди.

Комментарий жиберүү