Быйыл 6000дей жол кырсыгы катталып, 600дөн ашык адам каза тапкан

Кыргызстанда жыл башынан бери 6 миңден ашык жол кырсыгы катталган.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов “Маралдын” эфиринде билдирди.

Аны айтымында, жол кырсыктары боюнча көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25 пайызга көп.

Бул жылы жол кырсыктарынан 600дөн ашык адам каза тапкан жана 9000ден ашык адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Оторов миңден ашуун жол кырсыгында жаш балдар да болгонун айтып, “Дээрлик көп учурда өспүрүмдөр жүргүнчү катары келе жатып, жол кырсыктарына учурап жатат”, – деди.

Маалыматка караганда, быйылкы жол кырсыктарынан 80ден ашык бала каза болуп, миңдей бала жаракат алган.

Комментарий жиберүү