Казакстанда катуу шамалдын кесепетинен 49 адам жабыркады (видео)

Казакстандын Жамбыл облусунда катуу шамал жана бороон-чапкындан улам 49 адам медициналык жардам сурап кайрылган.

Бул тууралуу Tengrinews.kz агенттигине облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынан билдиришти.

Министрликтин маалыматына караганда, Тараз шаардык ооруканасына 41 бейтап кайрылган. Алардын төртөө ооруканага жаткырылып, калгандары дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Облустук балдар ооруканасына төрт бала кайрылып, алардын үчөө дарыланууга калтырылып, бирөө амбулатордук дарыланууга үйүнө жөнөтүлгөн.

Байзаков райондук ооруканага төрт адам медициналык жардам сурап кайрылып, бирөө ооруканага жаткырылып, үчөө  үйүнө жөнөтүлгөн.

“Жардам сурап кайрылган бейтаптардын көбүнүн башы, колу жана буту көгөргөн, ошондой эле терезелердин жана көчө дарбазаларынын кулашынан улам башка жаракаттарды алышкан”, – деп айтылат саламаттыкты сактоо башкармалыгынын маалыматында. Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары жарыялаган видеодон катуу шамал мектеп окуучуларын учуруп  жатканын көрүүгө болот.

Комментарий жиберүү